7-статья. Техникалык регламенттерди колдонуу
Күчүндө · 11.01.2025 редакциясы · II Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2025 года № 6
1. Техникалык регламенттерде ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда аталган максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгон минималдуу талаптар зыян келтирүү тобокелдигинин даражасы эске алынып, белгиленет.
2. Техникалык регламенттер төмөнкүлөрдү да алдынала караштыра алат:
продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлуучу илимий негизделген, өзгөчө талаптар, алар жеке жактардын айрым категорияларын (эрезеге жете элек балдарды, кош бойлуу аялдарды, бала эмизген энелерди жана майыптарды) коргоону камсыз кылуу; эгерде өзгөчө талаптар жок болуп, климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрдүн айынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда аталган максаттар аткарылбаса, продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоонун (иликтөөнү кошкондо), өндүрүүнүн, куруунун, монтаждоонун, жөндөөнүн, сактоонун, ташуунун, сатуунун, ишке киргизүүнүн, утилдештирүүнүн айрым жерлердеги процесстерине коюлуучу илимий негизделген, өзгөчө талаптар.
3. Техникалык регламенттер тигил же бул продукцияга жана/же ага коюлган талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине өндүрүү (ишке ашыруу) өлкөсүнө жана (же) жерине, бүтүмдөрдүн жана (же) даярдоочу, аткаруучу, сатуучу, сатып алуучу болуп эсептелген жактардын мүнөздөрүнө же өзгөчөлүктөрүнө карабай бир түрдүү жана бирдей өлчөмдө иштелип чыгат жана колдонулат, буга ушул статьянын 2-пунктунда каралгандар кирбейт.
4. Эл аралык стандарттар ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн техникалык регламенттерди иштеп чыгууда негиз катары толугу менен же алардын бир бөлүгү колдонулууга тийиш, буга аталган максаттарды аткарууда же техникалык жана/же технологиялык проблемалардын климаттык, географиялык факторлорунун айынан мындай эл аралык стандарттар же алардын тиешелүү бөлүктөрү натыйжасыз же жараксыз каражат болуп калган учурлар кирбейт.
Техникалык регламентти иштеп чыгуу зарылдыгы жаралып, бирок тиешелүү эл аралык стандарттар жок болсо, анда иштеп чыгуучу региондук же улуттук стандарттарды техникалык регламенттерди иштеп чыгуу үчүн толугу менен, же алардын бөлүктөрүн негиз катары колдоно алат.
41. (КР 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Сыноолордун жана ченеп-өлчөөнүн эрежелери менен усулдары техникалык регламентте белгиленген тартипте колдонулат.
6. Техникалык регламентти иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу, ошондой эле формасын тандоо жана шайкештикти баалоо схемасы ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн максатка жетпей калуу тобокелдигинин даражасын эске алуу менен аныкталат. Техникалык регламентти кабыл алуунун максатка ылайыктуулугунун негизделиши түшүндүрмө катта жана техникалык регламенттин долбооруна финансы-экономикалык негиздемеде камтылууга тийиш.
7. Техникалык регламенттердин талаптары ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн максатты жүзөгө ашыруу үчүн эң аз талап кылынгандан да көбүрөөк даражадагы ишкердикти жүзөгө ашырууга тоскоолдуктарды түзбөшү керек.
(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2022-жылдын 3-августундагы № 79, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 января 2025 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О техническом регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 ноября 2014 года № 153 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 ноября 2009 года № 299 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
11.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…толугу менен, же алардын бөлүктөрүн негиз катары колдоно алат.
41. алынып салынды: Эл аралык, мамлекеттер аралык жана региондук, анын ичинде улуттук стандарттарды колдонуу, продукцияны маркалоодо, эксплуатациялык же башка документтерде аталган стандарттардын белгилери колдонулган учурда, даярдоочу үчүн милдеттүү болуп саналат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Сыноолордун жана ченеп-өлчөөнүн эрежелери менен усулдары … 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2022-жылдын 3-августундагы № алынып салынды: 79 кошулду: 79, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1453/st-7" title="7-статья - Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>