8-статья. Техникалык регламенттердин мазмуну
Күчүндө · 11.01.2025 редакциясы · II Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2025 года № 6
1. Техникалык регламенттерди колдонуу максатында техникалык регламент продукциянын тизмегин жана/же техникалык жөнгө салуу объекттеринин сүрөттөлүшүн, ушул объекттерге коюлган талаптарды жана аларды идентификациялоо эрежелерин камтууга тийиш. Техникалык регламент тобокелдик даражасын эсепке алуу менен аныкталуучу шайкештикти баалоонун эрежелерин жана формаларын (анын ичинде техникалык регламентте шайкештикти ырастаган схемалар, берилген шайкештик тастыктамасынын жарактуулук мөөнөтүн узартуунун тартиби камтылышы мүмкүн), техникалык жөнгө салуунун ар бир объектке карата шайкештигин баалоонун эң кыска мөөнөттөрүн жана/же терминологияга карата талаптарды камтууга тийиш. Техникалык регламент энергетикалык натыйжалуулуктун жана ресурстук үнөмдөөнүн талаптарын камтууга тийиш.
2. Продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, шайкештикти баалоонун формаларына жана схемаларына коюлуп, техникалык регламенттерде камтылган милдеттүү түрдөгү талаптар Кыргыз Республикасынын бардык аймагында тикелей колдонулат жана тиешелүү техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
Техникалык регламентте эл аралык практикада каралган учурларда техникалык жөнгө салуунун объекттерине маанилүү (жалпы) талаптар белгиленет.
3. Техникалык регламенттер ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, техникалык регламенттин максатка жетиши камсыз кылынбагандан тышкары учурларда конструкцияларга жана аткарууларга талаптар камтылбоого тийиш. Ошол учурлар тажрыйбалардын жана илимий-эксперименталдык изилдөөлөрдүн негизинде белгиленүүгө тийиш.
4. Продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлуп, техникалык регламентке киргизилбеген талаптар милдеттүү мүнөзгө ээ эмес.
5. Техникалык регламент жол берилген тобокелдин даражасын аныктоого мүмкүн болбогон, бул продукциянын узак пайдалануудан жыйылган жана башка факторлорго байланыштуу болуп жеке жактын өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирген продукцияларга талаптарды камтый албайт. Мындай учурларда техникалык регламент мүмкүн болгон зыяндар тууралу жана өзү көз каранды болгон факторлор жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо талабын камтышы мүмкүн.
6. Техникалык регламенттер бөлөк өлкөдө жана (же) жерде жасалган, анын ичинде биологиялык коопсуздукту камсыз кылуучу (даярдоочулар пайдаланган коопсуздукту камсыз кылуу жолуна карабастан) ташып келүүнү, пайдаланууну, сактоону, ташууну, сатып өткөрүүнү жана таштандыларды иштетүүнү чектөөгө карата керек болгон ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык эң аз чараларды белгилейт.
Продукцияга, аны иштетүү усулдарына жана өндүрүшкө, продукцияны сыноо жол-жоболоруна, инспектирлөөгө, шайкештикти тастыктоого, карантиндик эрежелерге, анын ичинде жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү ташуу менен байланышкан талаптарга, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү ташыганда өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу үчүн керектүү материалдар менен камсыз кылууга, ошондой эле сынамыкка тандап алуу жол-жоболоруна, изилдөө усулдарына жана тобокелдикти баалоого жана башка техникалык регламенттердин талаптарында камтылган ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык чаралар менен каралышы мүмкүн. Ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык чаралар илимий маалыматтардын негизинде, ошондой эле иш жүзүндө илимий жактан негизделген тобокелдиктин даражасын эске алуу менен аныкталган, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык коргонуу максатында эларалык уюмдардын тиешелүү эларалык жана/же региондук стандарттарын, эрежелерин, ченемдерин жана документтерин эске алуу менен иштелип чыгат жана колдонулат. Тобокелдиктин даражасын баалоодо эларалык жана/же региондук стандарттар, эрежелер, ченемдер жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эларалык уюмдардын башка документтери, зыянкечтердин жана оорулардын жайылтылышы, ошондой эле жөнөтүүчүлөр тарабынан ооруларга жана зыянкечтерге, экологиялык шарттарга, экономикалык кесепеттерге каршы күрөшүүдө колдонулган чаралар, келтирилген зыянды болтурбоого жумшалган чыгымдын өлчөмү эске алынышы мүмкүн.
7. Эгерде ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык чаралар ветеринардык-санитардык максаттарга жетишүү жана фитосанитардык коргонуу үчүн керек болгондо, ал эми тиешелүү илимий негиздөө жетишсиз болсо же зарыл мөөнөттө аны алуу мүмкүн болбосо, продукциянын айрым түрлөрүнө карата техникалык регламентте каралган ветеринардык-санитардык же фитосанитардык чаралар, колдо болгон маалыматтардын негизинде, анын ичинде тиешелүү эларалык уюмдардан, чет мамлекеттердин бийликтеринен алынган маалыматтар жана башка мамлекеттер тарабынан колдонулган тиешелүү өлчөмдөгү маалыматтар же дагы башка маалыматтар колдонулушу мүмкүн. Ушул пункт менен белгиленген ветеринардык-санитардык же фитосанитардык талаптар тиешелүү техникалык регламент кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
8. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин кабыл алынган техникалык регламенттин талаптарын сактоону ыктыярдуу негизде камсыз кылуу же техникалык регламенттерди колдонуу жана аткаруу, шайкештикти баалоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдүн (сыноолордун), ченөөлөрдүн эрежелерин жана усулдарын, үлгүлөрдүн (сынамдардын) тандоо эрежелерин камтыган эл аралык стандарттардын, ал эми алар болбогон же климаттык, географиялык факторлордун же болбосо техникалык жана/же технологиялык көйгөйлөрдүн таасиринде колдонуу натыйжасыз болгон учурда, региондук жана улуттук стандарттардын тизмегин жана/же эрежелердин топтомун бекитет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий басылмасына жарыялайт жана/же жалпы пайдалануудагы электрондук маалымат тутумуна жайгаштырат.
Стандарттардын жана/же эрежелердин топтомдорунун жогоруда көрсөтүлгөн тизмектерин техникалык регламентти иштеп чыгуучу стандартташтыруу боюнча улуттук орган менен макулдашуу боюнча түзөт. Эл аралык же региондук жана улуттук стандарттарды жана/же эрежелердин топтомдорун ыктыярдуу негизде колдонуу тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарын сактоонун жетиштүү шарты болуп саналат. Жогоруда аталган стандарттарды жана/же эрежелердин топтомдорун колдонбоо техникалык регламенттердин талаптарын сактабагандык катары бааланышы мүмкүн эмес. Жогоруда көрсөтүлгөн тизмекке киргизилген стандарттар жана эрежелердин топтомдору беш жылда бир жолудан кем эмес текшерилүүгө, кайра каралып чыгууга жана/же актуалдаштырылууга жатат. Техникалык регламенттердин өзүнчө талаптарына карата эрежелердин жыйындысы стандартташтыруу боюнча улуттук документ катары стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынат. (КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 января 2025 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О техническом регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 ноября 2014 года № 153 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 ноября 2009 года № 299 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
11.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кайра каралып чыгууга жана/же актуалдаштырылууга жатат.
кошулду: Техникалык регламенттердин өзүнчө талаптарына карата эрежелердин жыйындысы стандартташтыруу боюнча улуттук документ катары стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынат.
(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № алынып салынды: 153 кошулду: 153, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1453/st-8" title="8-статья - Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>