Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
44-статья. Өтмө жоболор
Күчүндө · 11.01.2025 редакциясы · X Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2022 года № 79
1. Продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери, коюлган техникалык регламенттердин талаптары ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап колдонууга киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын колдонулуп келаткан ченемдик укуктук актыларында белгиленген техникалык регламенттерди кабыл алуу үчүн ушул Мыйзамда аныкталган тиешелүү максаттардын бөлүгүндө гана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап, алты ай аралыгында төмөндөгү суроолор боюнча токтомдорду кабыл алат:
1) ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктуна жана 7-статьясынын 1-пунктуна ылайык белгиленген талаптарга шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукциянын толук тизмегин аныктоо, тышкы экономикалык иштин 10 белгинин деңгээлиндеги товардык номенклатурасынын коддорун жана бул талаптарды белгилөөчү жана техникалык регламенттер кабыл алынганга чейин колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларды же стандарттарды көрсөтүү, мында:
- бир же ушул эле талаптарды белгилеген эки же андан ашык ченемдик укуктук актыларды колдонууга жол берилбейт;
- шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо шайкештикти сертификаттоо же декларациялоо формасында гана жүргүзүлөт, мында шайкештикти милдеттүү түрдө баалоонун башка формаларына жол берилбейт;
- продукциянын ар бир түрү боюнча анын коопсуздугунун көрсөткүчтөрү аныкталат;
- билдирүүчү ушул продукция үчүн гана каралган формалардын ичинен шайкештикти тастыктоо формасын тандап алууга укуктуу;
- ушул тизмеге кирген продукциянын сертификаттоо схемасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт, мында билдирүүчү ошол продукция үчүн каралган схемалардын ичинен сертификаттоо схемасын тандап алууга укуктуу;
- шайкештик жөнүндө декларация даярдоочулар (жөнөтүүчүлөр) же чет элдик даярдоочулардын расмий өкүлдөрү тарабынан кабыл алынат;
- шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун объектиси Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүлүүгө түшкөн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул токтомунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларынын талаптарындагы продукция гана болушу мүмкүн;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге кирбеген продукцияга шайкештикти тастыктоо ыктыярдуу негизде гана жол берилет;
- шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукциялардын саны жыл сайын такталат жана айкындаштырылат;
2) (КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан продукциянын жалаң гана жүгүртүлүп турган учурунда жана аталган ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого карата мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу боюнча иштерди аныктоо.
Министрлер Кабинеттин аталган токтому тийиштүү техникалык регламентти кабыл алганга чейин күчүн жоготпойт.
3. Ушул Мыйзам жарыялангандан күндөн тартып алты айдын ичинде аткаруу бийлигинин бардык мамлекеттик органдары милдеттүү талаптарды белгилөөчү жана бул талаптарды бузуу жана (же) аларды ыктыярдуу колдонуу чөйрөсүнө которуу үчүн шайкештикти баалоону киргизүүчү өздөрүнүн документтерине текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасын (аларды кабыл алуунун формасын көрсөтүп) бекитет, ал жыл сайын такталууга жана жарыяланууга тийиш.
Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 364 “2007-2009-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасы жөнүндө” токтому КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасын бекитүү жөнүндө” токтому
5. Продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлуучу талаптарды милдеттүү түрдө аткарууну жана сактоону белгилеген техникалык регламенттер, ошондой эле шайкештикти баалоонун милдеттүү түрдөгү жол-жоболору ушул Мыйзам кабыл алынган күндөн баштап сегиз жылдын ичинде кабыл алынууга тийиш.
Продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлган милдеттүү түрдөгү талаптардын техникалык регламенттери аталган мезгилде кабыл алынбаса, аталган мөөнөт аяктаганда колдонуу токтотулат же ыктыярдуу мүнөзгө ээ болот. Ушул пункттун биринчи абзацында каралган мөөнөт бүткөндөн кийин техникалык регламенттер ушул Мыйзамда аныкталган тартипте иштелип чыгат.
6. Ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин сертификаттоо жана сыноо лабораториялары органдар тарабынан белгиленген тартипте берилген аккредиттөө тууралу документтер, ошондой эле сертификаттар көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин жарактуу болуп эсептелет.
7. Бардык ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген, ушул статьяга жана бөлүккө шайкеш келген бөлүгү колдонулат.
(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163, 2022-жылдын 3-августундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР 25 декабря 2014 года № 163 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики “Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 ноября 2014 года № 153 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 ноября 2009 года № 299 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 260 "Радиожыштык спектринин параметрлери боюнча милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон…Постановление · 22.05.2024 · № 260
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябры № 551 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 310 “Жарандык жана кызматтык…Постановление · 02.09.2025 · № 551
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 15.11.2014 · № 153
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 364 "2007-2009-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасы жөнүндө"токтомуПостановление · 24.08.2007 · № 364 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 "2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасын бекитүү жөнүндө"Постановление · 11.11.2011 · № 714 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1453/st-44" title="44-статья - Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>