26-статья. Сертификаттоо шайкештикти милдеттүү тастыктоонун формасы катары
Күчүндө · 11.01.2025 редакциясы · IV Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2025 года № 6
1. Сертификаттоо шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы катары сертификаттоо боюнча органга билдирүүчүнүн кайрылуусу боюнча жүзөгө ашырылат. Конкреттүү продукцияны сертификаттоо үчүн колдонулуучу сертификаттоонун схемалары тиешелүү техникалык регламент менен аныкталат.
Продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги сертификаттоо боюнча орган тарабынан билдирүүчүгө берилген шайкештик сертификаты менен тастыкталат.
Сертификаттоо боюнча орган сертификаттоо боюнча органдын штатында аккредитация жаатына ылайык келген иштин ар бир багыты боюнча шайкештикти тастыктоо жаатында сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) болушун камсыз кылууга тийиш. Сертификаттоо боюнча эксперттер (эксперт-аудиторлор) өзүнүн шайкештикти баалоо боюнча ишин сертификаттоо боюнча бир орган менен эмгек келишиминин негизинде жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоого жана сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрине киргизилүүгө тийиш.
Сертификаттоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго) карата талаптар, алардын компетенттүүлүгүн тастыктоо, сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Шайкештик сертификатын колдонуу мөөнөтү техникалык регламент менен аныкталат.
3. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоодо сертификаттын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2022-жылдын 3-августундагы № 79, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 января 2025 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О техническом регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
11.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…боюнча орган сертификаттоо боюнча органдын штатында алынып салынды: сертификаттоо боюнча бир органда эмгек келишиминин негизинде шайкештикти баалоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашоочу, аккредитация жаатына ылайык келген иштин ар бир багыты боюнча … боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) болушун камсыз кылууга кошулду: тийиш. Сертификаттоо боюнча эксперттер (эксперт-аудиторлор) өзүнүн шайкештикти баалоо боюнча ишин сертификаттоо боюнча бир орган менен эмгек келишиминин негизинде жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоого жана сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрине киргизилүүгө тийиш.
Сертификаттоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго) … Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2022-жылдын 3-августундагы № алынып салынды: 79 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 79, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 107 "Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин…Постановление · 28.02.2023 · № 107
- Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптар, алардын…Требования · 28.02.2023 · № 107
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 352 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна…Постановление · 19.06.2025 · № 352
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1453/st-26" title="26-статья - Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>