27-статья. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо формасы катарында сертификаттоону уюштуруу
Күчүндө · 11.01.2025 редакциясы · IV Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2025 года № 6
1. Сертификаттоо шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо формасы катары сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. (КР 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Сертификаттоо боюнча орган:
техникалык регламентте (техникалык регламенттерде) белгиленген талаптарга ылайык сертификаттоо жол-жобосун жүргүзөт, эгерде мындай контроль тиешелүү сертификаттоо схемасында каралса, сертификаттоо объекттерин контролдоону жүзөгө ашырат; аларга берилген шайкештик сертификатынын колдонулушун токтотуп турат же жокко чыгарат; сертификаттоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө билдирүүчүгө маалымдоону камсыз кылат; берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт.
3. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы катары сертификат боюнча иштерди жүргүзгөндөгү сыноолор аккредиттелген сыноо лабораториялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Аккредиттөөнүн өз жаатынын чегинде сыноо лабораториялары продукцияга сыноо өткөрүшөт. Сертификаттоо боюнча орган сертификаттоо өткөрүү тууралу табыштама менен кайрылган жак жөнүндө сыноо лабораториясына маалымат берүүгө укуксуз.
4. Сыноонун натыйжалары тиешелүү протоколдор менен жол-жоболоштурулат, анын негизинде сертификаттоо боюнча орган шайкештик жөнүндө чечим кабыл алат же жүйөлөштүрүү менен шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартат.
5. Техникалык регламенттин талаптарына шайкештикти милдеттүү баалоону (ырастоону) шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча ыйгарым укуктуу органдар да жүзөгө ашыра алат.
Шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча ыйгарым укуктуу органдарга ыйгарым укук берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2022-жылдын 3-августундагы № 79, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 января 2025 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О техническом регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2022 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 ноября 2014 года № 153 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основах технического регулирования в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
11.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…боюнча аккредиттелген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. алынып салынды: Сертификаттоо боюнча орган менчик укугунда же түзүлгөн расмий келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде продукцияны сыноону камсыз кылуучу аккредиттелген лабораторияларды пайдаланууга тийиш.
кошулду: (КР 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Сертификаттоо боюнча орган:
техникалык регламентте (техникалык … Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № алынып салынды: 153 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 153, 2022-жылдын 3-августундагы № 79, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1453/st-27" title="27-статья - Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>