25-статья. Шайкештикти декларациялоо
Күчүндө · 11.01.2025 редакциясы · IV Бөлүм
1. Шайкештикти декларациялоо, эгерде ал техникалык регламентте каралган болсо, төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
өзүнүн далилдеринин негизинде шайкештик жөнүндө декларация кабыл алуу менен; өзүнүн далилдеринин жана үчүнчү жактын катышуусу менен алынган далилдердин негизинде шайкештик жөнүндө декларация кабыл алуу менен. Продукцияны декларациялоо ыкмасы, схемасы жана жол-жоболору техникалык регламент менен белгиленет.
2. Шайкештикти декларациялоодо даярдоочу же сатуучу же болбосо даярдоочунун ыйгарым укуктуу адамы болуп саналган жеке ишкер катары юридикалык жак же жеке жак билдирүүчү болушу мүмкүн.
Ушул статьяга ылайык, билдирүүчү тарабынан кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларация Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестринде катталууга жатат. Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Шайкештик жөнүндө декларациянын колдонуу мөөнөтү техникалык регламентте аныкталат.
3. Шайкештик жөнүндө декларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө"…Постановление · 28.01.2019 · № 20
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 2 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 01…Приказ · 12.10.2026 · № 2
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1453/st-25" title="25-статья - Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>