Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 01 «Милдеттүү шайкештикти тастыктоодон өткөн продукцияга катталган шайкештик жөнүндө декларациялардын жана берилген шайкештик сертификаттарынын Бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 12-октябры № 2
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 01 “Милдеттүү шайкештикти тастыктоодон өткөн продукцияга катталган шайкештик жөнүндө декларациялардын жана берилген шайкештик сертификаттарынын Бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу
“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 10-пунктунун 8-пунктчасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобонун 17-пунктунун 18-пунктчасын жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 01 “Милдеттүү шайкештикти тастыктоодон өткөн продукцияга катталган шайкештик жөнүндө декларациялардын жана берилген шайкештик сертификаттарынын Бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Милдеттүү шайкештикти тастыктоодон өткөн продукцияга катталган шайкештик жөнүндө декларациялардын жана берилген шайкештик сертификаттарынын Бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартибинде:
2-главада:
– төмөнкүдөй мазмундагы 61-пунктту менен толукталсын:
“6.1 Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо үчүн бирдиктүү реестрге милдеттүү түрдө жүктөлө турган документтердин тизмеси.
1. Сериялык өндүрүш продукциялары үчүн:
1) техникалык документтердин көчүрмөсү (долбоордук, жана (же) конструктордук, жана (же) технологиялык жана (же)эксплуатациялык);
2) колдонулган стандарттардын тизмеси;
3) кабыл алынган техникалык чечимдердин жана тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктарынын баяндамасы (ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында техникалык регламенттин талаптарынын сакталышы камсыз кылынуучу стандарттар жок болгон же колдонулбаган учурда);
4) даярдоочу менен келишим (даярдоочу ыйгарым укук берген адам үчүн);
5) алынган үлгүлөрдүн (пробалардын) логистикасы боюнча документтер (ЖБД же башка документтер);
6) өндүрүшкө жайылтылуучу менеджмент системасынын шайкештик сертификаты (шайкештикти декларациялоо схемасында каралган учурларда);
7) арыз ээсинин каттоо же эсепке алуу (жеке, идентификациялык) номери жөнүндө маалыматтар;
8) идентификациялоо актысы, продукциянын үлгүлөрүн тандоо актысы (шайкештикти декларациялоо схемасында каралган учурларда);
9) изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн протоколдору (шайкештикти декларациялоо схемасында каралган учурларда);
10) шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого арыз;
11) арыз ээсинин тандоосу боюнча башка документтер.
2. Продукциянын партиясы үчүн:
1) контракттын (жеткирүү келишиминин) көчүрмөсү жана товарды коштоочу документтер;
2) эксплуатациялык документтер (зарыл болгон учурда);
3) колдонулган стандарттардын тизмеси;
4) арыз ээсинин каттоо же эсепке алуу (жеке, идентификациялык) номери жөнүндө маалыматтар;
5) идентификациялоо актысы, продукциянын үлгүлөрүн тандоо актысы (шайкештикти декларациялоо схемасында каралган учурларда);
6) алынган үлгүлөрдүн (пробалардын) логистикасы боюнча документтер (ЖБД же башка документтер);
7) изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн протоколдору (шайкештикти декларациялоо схемасында каралган учурларда);
8) шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого арыз;
9) арыз ээсинин тандоосу боюнча башка документтер.”.
– төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
“7.1 Продукцияга шайкештик сертификатын тариздөө үчүн Бирдиктүү реестрге милдеттүү түрдө жүктөлө турган документтердин тизмеси:
1) сертификациялоо жүргүзүүгө өтүнмө;
2) сертификациялоо жүргүзүү жөнүндө өтүнмө боюнча чечим;
3) идентификациялоо актысы, сыноого продукциянын үлгүлөрүн тандоо актысы;
4) өндүрүштүн абалын талдоо актысы (сертификаттоо схемасында каралган учурларда);
5) тандалып алынган үлгүлөрдүн логистикасы боюнча документтер (ЖБД же башка документтер);
6) изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн протоколдору (шайкештикти сертификациялоо схемасында каралган учурларда);
7) техникалык регламентте белгиленген шайкештикти баалоо схемасына жараша тиешелүү документтер;
8) шайкештик сертификатын берүү боюнча чечим.”.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгы:
– расмий жарыялоо жол-жоболорун жүргүзсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин техникалык жөнгө салуу маселелерин тескөөчү орун басарына жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Министр | | Б.Т. Сыдыков |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Экономика Министрлигинин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 01 "2020-жылдын 19-октябры № 01 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодон өткөн продукцияларга…Приказ · 19.10.2020 · № 01
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 250
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомуна)Положение · 15.11.2021 · № 250