2-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын негизги милдеттери
Күчүн жоготкон · 25.01.2010 редакциясы · I Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 янаря 2010 года № 9.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу;
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу иш-чараларын жүзөгө ашырууга тиешелүү маселелер боюнча аткаруу бийлик органдарынын эриш-аркак иштешин камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө караштуу кылмыштарды табуу, алдын алуу, жол бербөө, ачуу жана тергөө;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу жаатында эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен эриш-аркак иштешүүнү жана маалымат менен алмашууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле эл аралык уюмдарда баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын таламдарын билдирүү;
- белгиленген тартипте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо жана алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу жаатында эл аралык келишимдерди түзүү.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын бөлүкчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга жүктөлбөгөн милдеттерди аткарууга тартууга тыюу салынат.
Берененин тексти 25.01.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1438/st-2" title="2-статья - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>