1-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган
Күчүн жоготкон · 25.01.2010 редакциясы · I Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 янаря 2010 года № 9.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына кирбеген, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшү жаатында бирдиктүү саясатты жүргүзгөн, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруучу укук коргоочу, аткаруучу орган. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жетекчилигин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу баңги заттарды контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Агентствосунун директору жүзөгө ашырат. Директор баңги заттарды контролдоо боюнча органдын иши үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында жекече жооп берет. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.
Берененин тексти 25.01.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №741 ""Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 08.12.2009 · № 741 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1438/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>