3-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын иши жана адам менен жарандын укуктары
Күчүн жоготкон · 25.01.2010 редакциясы · I Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 янаря 2010 года № 9.
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өз ишинде адам менен жарандын укуктарын сыйлоо принциптерине таянат жана алардын жарандыгынан, социалдык, мүлк жагындагы жана дагы башка абалына, расасына жана улутуна, жынысына, жашына, билимине жана тилине, динге таандуулугуна карата мамилесине, саясий жана башка көз караштарына, анын ишинин түрүнө жана мүнөзүнө карабастан, аларды коргоону жүзөгө ашырат. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин ар кандай чектөөгө мыйзамда каралган негизде жана тартипте гана жол берилет. Жарандар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринен алардын укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелишине байланыштуу түшүндүрүүлөрдү алууга укуктуу. Алардын аракеттери менен алардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары кемсинтилди деп эсептешкен жарандар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин аракеттерине баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жогору турган органына же кызмат адамына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган кылмыш жасоо жагынан шектүү деп кармалган жана камакка алынган жарандарга юридикалык коргонуу укугун ишке ашырууга мүмкүндүк берет, туугандарына, иштеген же окуган жеринин администрациясына алардын турган жери жөнүндө билдирет. Зарыл учурда баңги заттарды контролдоо боюнча орган аларга ошол замат медициналык жана башка жардам көрсөтүү, ошондой эле аталган адамдарды кармоо, камакка алуу же соттоонун кесепетинен келип чыккан анын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген коркунучту четтетүү боюнча чараларын көрөт.
Берененин тексти 25.01.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1438/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>