49-берене. Жоюу массасына киргизилбеген мүлк
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Банктын банкроттоо процесси башталган учурга карата колунда болгон жана ушул процесстин жүрүшүндө табылган бардык мүлкү (материалдык жана материалдык эмес түрүндөгү активдер, укуктар) жоюу массасын түзөт (ушул берененин башка пункттарын эсепке алуу менен).
2. Банктын жоюу массасын түзгөн мүлкүнөн төмөнкүлөр алып салынат:
- күрөөнүн предмети болуп саналган мүлк;
- жүгүртүүдөн чыгарып алынган мүлк;
- иш-аракеттин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга уруксатка (лицензияга) байланыштуу өткөрүлүп берилүүгө тийиш болбогон укуктар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өткөрүп берилүүгө жатпаган башка укуктар жана мүлктөрдүн түрлөрү;
- банкроттоо жол-жобосун жүргүзүүгө байланыштуу келип чыккан бардык чыгымдар жана чыгашалар;
- жоюуну (консервациялоону) жүргүзүү максатында атайын администраторго (консерваторго) зайымдарды же кредиттерди беришкен жактардын талаптары.
Банктын мүлкүнүн курамында жүгүртүүдөн чыгарып алынган мүлк болгондо, атайын администратор ошол мүлктү ага укугу болгон адамга өткөрүп берүүгө тийиш, мүлктүн менчик ээси ал мүлктү кабыл алууга же атайын администратордон кабарлама алгандан кийинки бир ай ичинде, башка адамдарга бекитип берүүгө милдеттүү. Андай болбогон учурда, бир айлык мөөнөт бүткөндө көрсөтүлгөн мүлктү күтүүгө кеткен бардык чыгашалар катышууга жүктөлөт.
3. Күрөө менен камсыз болгон кредитор күрөө жөнүндө мыйзамда же келишимде каралган негиздер келип чыккан учурда, күрөөнү өндүрүүгө айландырууга карата өз укугуна жараша банктын мүлкүнө (күрөөнүн предметине) талапкер боло алат. Күрөө менен камсыз болгон кредитор күрөөнүн предмети болгон мүлктү өткөрүп берүүнү атайын администратордон талап кылууга укугу бар.
Атайын администратор кредитор-күрөө кармоочу менен макулдашуу боюнча кандай ыкмада болбосун жана мыйзамда жана тараптардын келишиминде каралган тартипте күрөөнүн предметин ажыратууну жүргүзө алат жана ажыратуудан түшкөн каражатты, ажыратуу учурундагы атайын администратор тарткан чыгымдарды эсептен алып салуу менен күрөө менен камсыз болгон кредиторго өткөрүп берет.
4. Эгерде күрөөнү сатып өткөрүүдөн түшкөн сумма күрөө менен камсыз болгон кредитордун талабын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда талаптын калган бөлүгү ушул Мыйзамдын 51-беренесинде каралган кезектүүлүктүн тартибинде төлөнүүгө тийиш.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-49" title="49-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>