Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
51-берене. Төлөөлөрдүн кезектүүлүгү
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Банкрот болгон банктын активдери анын кредиторлорунун ортосунда төмөнкү кезек менен бөлүштүрүлөт:
1) алардын өмүрүнө же ден-соолугуна келтирилген зыян үчүн банк жоопкерчилик тарткан жарандардын талаптары мыйзамда белгиленген тартипте убактысы менен төлөнүп берилген тиешелүү төлөөлөрдү капитализациялоо жолу менен;
2) пенсиялар, жөлөкпулдар жана жоюу башталган учурга чейинки үч айдан ашпаган мезгил ичинде банк менен эмгек келишим түзүшкөн кызматкерлердин эмгек акылары боюнча милдеттенмелерди жөнгө салуу;
3) банк менен байланышы болбогон жеке жактардын жыйырма беш миң сомго чейинки суммадагы (карыздык баалуу кагаздар формасына ээ болбогон) депозиттери боюнча талаптар;
4) банк менен байланышы болбогон жеке жактардын банктын аманатчыларынын негизги суммага жана ага кошуп эсептелген пайыздарга карата талаптары;
5) банк менен байланыштуу болбогон, камсыз кылынбаган башка кредиторлордун (аманатчылар-юридикалык жактардын, башка кредиторлордун) негизги суммаларга жана ага кошуп эсептелинген пайыздарга карата талаптары;
6) бюджетке жана бюджеттик эмес фондуларга милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары жана аларга кошуп эсептелинген пайыздар боюнча эсептешүүлөр;
7) банк менен байланыштуу аманатчылардын жана башка кредиторлордун негизги суммаларга жана аларга кошуп эсептелинген пайыздарга карата талаптары;
8) кредиторлордун бардык талаптарын канааттандыруудан кийин калган калдык, эгерде ушундай болсо, банкка катышы жана кредиторлорго-жетекчилерге төлөнүп берилет.
Банк жоюлган учурда банкка катышы бар, анын банктын уставдык капиталына салынган төгүмүн кайтарып алуу жөнүндө талаптарга карата кредитор болуп саналбайт. Мындай талаптар банктын карыздарын кайтарып алуу боюнча талап болуп саналбайт жана кредиторлордун талаптарынын реестрине кирген кредиторлордун бардык талаптарын канааттандыруудан кийин гана төлөнүп берилет. Калган активдер банктын ээлерине, алардын менчиктеги үлүшүнө жараша пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлүп берилет.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-51" title="51-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>