48-берене. Карыздарды төлөп берүүдө кезектүүлүктү сактоонун жалпы эрежелери
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Атайын администратор ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен ушул беренеде белгиленген эрежелерге ылайык, банктын активдерин сатып өткөрүүдөн алынган каражаттарды бөлүштүрөт:
1) атайын администратор активдерди сатууга жана сатуудан түшкөн пайданы кредиторлордун арасында бөлүштүрүүгө милдеттүү, же ыңгайлуу сатууга мүмкүн болбосо (б.а. түшкөн пайда сатууга кеткен чыгымдардан ашпаса) кезекте турган кредиторлордун макуддугу менен карыздарды төлөөнүн эсебинде активдерди түздөн-түз кредиторго өткөрүп берүүгө же ушул Мыйзамга ылайык активдерди башкача жол менен тескөөгө милдеттүү;
2) кезекте турган кредиторлорго карыздарды төлөп берүүнүн алдында, алардан мурда кезекте турган ар бир кредитордун талаптары толук канааттандырылууга тийиш;
3) бир кезекте турган кредиторлордун талаптарын канааттандырууда, ошол кезектин кредиторлорунун бардыгы өз ара теңчиликте каралат жана алар карыз боюнча аларга тиешелүү суммаларга жараша, төлөөдө бирдей укуктарга ээ;
4) эгерде бир кезекте турган бардык кредиторлорго толук төлөп берүү үчүн каражаттардын жетишсиздиги болгондо, талабы карызкордун карызынын үлүшүнүн эң чоң бөлүгүнө туура келген кредитор көбүрөөк пропорциядагы компенсацияны алат;
5) эгерде кандайдыр бир мүлк бир нече анык күрөөлөрдүн предмети болуп саналса, анда ушундай күрөө менен камсыз болунган кредиторлордун ортосундагы бири-биринен артыкчылыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат;
6) мыйзам актылары тарабынан аныкталган мөөнөт бүткөндөн кийин коюлган кредиторлордун талаптары, өз убагында коюшкан кредиторлордун талаптарын канааттандыруудан кийинки калган банктын активдеринин эсебинен канааттандырылат.
2. Кредиторлордун талаптары төмөнкү учурларда орду жандырылган болуп эсептелет:
1) эгерде ушул Мыйзамда каралган учурларды эске албаганда, банктын активдеринин жетишсиздигинен улам талаптар канааттандырылбаса;
2) эгерде кредиторлордун талаптары атайын администратор тарабынан кабыл алынбаса жана кредитор доо менен сотко кайрылбаган болсо, ошондой эле кредиторлордун талаптарын канааттандыруу соттун чечими менен баш тартылган болсо;
3) эгерде кредиторлордун талаптары жоюу процесси аяктагандан кийин коюлган болсо.
3. Талаптарды орду жандырылган деп таануу, ушул берененин 4-пунктунда каралган учурларды эске албаганда, алар банкка кайра коюлбайт дегенди түшүндүрөт. Эгерде алар мыйзамдарга ылайык мурда ишке ашырылбаса, тиешелүү суммалар дебитордук карыздан алынып салынат.
4. Эгерде жоюуну аяктагандан кийин атайын администратор кошумча активдерди алган же тапкан учурда, орду жандырылган деп эсептелинген талаптар кайрадан коюлушу мүмкүн.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
48-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-48" title="48-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>