Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбей турган төлөмдөрдүн түрлөрү
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 июля 2024 года № 136
Төлөмдөрдүн төмөндөгүдөй түрлөрүнөн камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбейт:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү субсидиялар, компенсациялар, пенсиялар, жөлөкпулдар жана стипендиялар.
2. Санаториялык-курорттук мекемелерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга, санаторий-профилакторийлерге, балдардын ден соолукту чыњдоо борборлоруна жолдомолордун наркы.
3. Кызматкерлерге табигый кырсыктардын жана өрттүн, оорунун натыйжасында келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга, ошондой эле кызматкердин же анын жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүлгөн материалдык жардамдын суммасы.
4. Кан бергендиги үчүн, донорлуктун башка түрлөрүнөн, эмчектин сүтүн бергендиги үчүн алынган суммалар, ошондой эле медициналык мекемелердин кызматкерлери кан чогултуу үчүн алган суммалар.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдар үчүн алынуучу алименттер.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге эмгектик мертинүүдөн, кесиптик дартка чалдыгуудан, болбосо ден соолугуна башка зыян келүүдөн улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнгөнсуммалар.
7. Майыптарга, пенсионерлерге, жетим балдарга, көп балалуу энелерге кайрымдуулук максатында көрсөтүлгөн бир жолку материалдык жардам.
8. Кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чектеринде мыйзамга ылайык өкүлчүлүк ишти жүзөгө ашыруу учурунда, кызматтык иш сапарына, башка жерге ишке которууга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу боюнча төлөнгөн компенсациялар.
9. № 1, 2-тизме боюнча жумуштарда иштегендер үчүн белгиленген ченемдердин чектеринде берилүүчү атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуунун башка каражаттарынын, самындын, жууп кетирүүчү жана зыянсыздандыруучу каражаттардын, сүттүн жана дарылоо-профилактикалык тамак-аштын наркы (акысыз же жарым-жартылай акы төлөө менен берилүүчү жана жеке пайдаланууда калуучу фирмалык кийимдин, кийим-кечектин наркынан башка).
10. Өндүрүштөн ажыратуу менен окууга жиберилген студенттерге (аспиранттарга) уюмдун каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле ишканалар, уюмдар, мекемелер жана фонддор тарабынан кайрымдуулук максаттарында белгиленүүчү жана төлөнүүчү стипендиялар.
11. Иш менен камсыз кылуу кызматынын органдары тарабынан уюштурулган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан жумушсуз жарандардын эмгек акысы.
12. Жарандардын ишкананын менчигин башкарууга катышуудан алган кирешелери (дивиденддер, пайыздар, үлүштүк пайлар боюнча төлөмдөр).
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондунан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин резервдик фондунан төлөмдөр.
14. Иш берүүчүлөр тарабынан кызматкердин 14 жашка чейинки балдарына (багуусундагыларга) берилүүчү жаңы жылдык белектер түрүндөгү кирешелер.
15. Утуштар түрүндө алынган кирешелер.
16. Эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуудан сыйлыктар жана байгелер түрүндө алынган суммалар.
17. Шайлоо кампаниясын же референдум өткөрүү учурунда үгүттөөчү, байкоочу, ишенимдүү адам, ыйгарым укуктуу өкүл катары иштөөдөн алынган кирешелер, сый акылар же суммалар.
18. Спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылар.
(КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги №29, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 18 ноября 2016 года № 181, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 4 ноября 2022 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О государственном социальном страховании")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 ноября 2016 года № 181 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2015 года № 212 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 апреля 2012 года № 29 "О внесении изменения и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
23.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өкүл катары иштөөдөн алынган кирешелер, сый акылар же суммалар.
кошулду: 18. Спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылар.
(КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги №29, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 18 ноября 2016 года № 181, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2024-жылдын 10-майындагы № алынып салынды: 84 кошулду: 84, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-июнундагы № 284 "Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"…Постановление · 07.06.2019 · № 284
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-майындагы № 221 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 02.05.2018 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 749 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 24.10.2012 · № 749
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВЛЕНИЯ СОЦФОНДА КР от 12 сентября 2008 года № 136 "Об утверждении "Порядка регистрации, уплаты и учета страховых взносов по обязательному государственному…Постановление · 12.09.2008 · № 136 · Күчүн жоготкон
- Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча өлөөчүлөрдү каттоонун, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана эсепке алуунун тартиби жөнүндөгү НУСКАМАИнструкция · 04.06.2008 · № 73а · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №136 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоонун, аларды төлөөнүн жана эсепке…Постановление · 29.07.2010 · № 136 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №363 "Эл аралык финансылык уюмдар каржылаган өнүктүрүү долбоорлоруна катышкан субъекттерди милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу…Порядок · 05.07.2011 · № 363 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата…Постановление · 02.03.2015 · № 86 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы №107 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу"…Постановление · 18.02.2012 · № 107 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1393/st-12" title="12-статья - Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>