8-статья. Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн негиздери
Күчүн жоготкон · 26.06.2025 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 26 июня 2025 года № 127.
8-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 8-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Төмөндөгүлөр:
1) козголгон жазык ишинин болушу;
2) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга белгилүү болуп калган:
эгерде жазык ишин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн жетиштүү маалыматтар болбосо, даярдалып, жасалып жаткан же жасалган укукка жат жосундун белгилери жөнүндө, ошондой эле аны даярдап, жасап жаткан же жасаган адамдар тууралу маалыматтар; мамлекеттик, аскердик, экономикалык жана экологиялык коркунуч туудурган окуялар же аракеттер тууралу маалыматтар; алгачкы текшерүү, тергөө органдарынан жана соттон жашырынып же кылмыш-жазасынан качып жүргөн адамдар тууралу маалыматтар; дайынсыз жок болгон адамдар жана таанууга мүмкүн болбогон өлүктөр жөнүндө маалыматтар;
3) өзүнүн өндүрүшүндө болгон жазык иштери боюнча алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн тапшырмасы, прокурордун көрсөтмөсү же соттун аныктамасы;
4) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу башка органдардын ушул статьяда көрсөтүлгөн негиздер боюнча берилген сунуш-талаптары;
5) корголуп жаткан адамдарга карата, мыйзамдарда каралган тартипте ага ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу коопсуздук чараларын колдонуу жөнүндөгү токтом;
6) Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана чет мамлекеттердин укук коргоо органдарынын укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдерине (макулдашууларына) ылайык берилген сунуш-талаптары изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн негиз болуп эсептелет.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар, ошондой эле өз ыйгарым укуктарынын чектеринде чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон, жарандардын инсандыгын мүнөздөй турган төмөндөгү:
1) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга же адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө жогорулатылган коркунуч келтирген объектилерди пайдаланууга байланыштуу жумуштарга жол берүү жөнүндө;
2) изин суутпай издөө ишине катышууга же аны жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган материалдар менен таанышууга жол берүү жөнүндө;
3) изин суутпай издөө иш-чараларын даярдоо жана жүргүзүү учурунда жак менен кызматташтык мамилелерди белгилөө жана аны сактоо жөнүндө;
4) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын (кызмат адамдарынын) коопсуздугун камсыз кылуу боюнча;
5) жеке детективдик жана кайтаруу ишине уруксат берүү жөнүндө маалыматтарды чогултууга укуктуу.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 7-Р "жаран Нурбек Акбарович Токтакуновдун жана "WINLINE" ("Винлайн") жоопкерчилиги чектелген коомдун…Сот практикасы · Решение · 22.04.2015 · № 7-р
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 7-Р "жаран Нурбек Акбарович Токтакуновдун жана "WINLINE" ("Винлайн") жоопкерчилиги чектелген коомдун…Решение · 22.04.2015 · № 7-р
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 03.12.2019 · № 134
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/138/st-8" title="8-статья - Изин суутпай издөө иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>