13-статья. Изин суутпай издөө ишин маалымат менен камсыз кылуу жана документтештирүү
Күчүн жоготкон · 26.06.2025 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 26 июня 2025 года № 127.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар ушул Мыйзам тарабынан өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн маалымат тутумун түзүшү, пайдаланышы, ошондой эле изин суутпай эсепке алуу иштерин ачышы мүмкүн. Изин суутпай эсепке алуу иштери ушул Мыйзамдын 8-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-6-пункттарында каралган негиздер болгон учурда, маалыматтарды чогултуу жана тутумга салуу, изин суутпай издөө ишинин натыйжаларын текшерүү жана ага баа берүү, ошондой эле алардын негизинде изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын тиешелүү чечимдерин кабыл алуу максатында ачылат. Изин суутпай эсепке алуу ишин ачуу фактысы адамдын жана жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле мыйзамдуу таламдарын чектөө үчүн негиз болуп эсептелбейт. Изин суутпай эсепке алуу иши ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган учурларда токтотулат. Изин суутпай эсепке алынуучу иштердин тизмеси жана аларды жүргүзүүнүн тартиби изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын ченемдик актылары тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Приказ МВД КР от 16 декабря 1999 года № 413 "Об утверждении Инструкции "О порядке проведения проверочных закупок наркотических средств, психотропных веществ и прекурсоров"Приказ · 16.12.1999 · № 413 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/138/st-13" title="13-статья - Изин суутпай издөө иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>