Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Пилоттук министрликтердин 2019-2021-жылдар мезгилине бекитилген программалык бюджеттерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-04-16.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 16-апрели № 173 Пилоттук министрликтердин 2019-2021-жылдар мезгилине бекитилген программалык бюджеттерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Бюджеттин чыгымдарынын социалдык жана экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн программалык бюджеттештирүүнү киргизүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилерине (мындан ары - пилоттук министрликтер) бюджеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында 2019-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге төмөнкүдөй укуктар берилсин:
- бекитилген штаттык сандын чегинде зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын жана түзүмүн бюджеттик программаларга карата өз алдынча аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча бир айлык мөөнөттө эмгек акы фондунун чегинде бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүнө жеткендиги үчүн кызматкерлердин жана жумушчулардын кызматтык маянасын (же кызматтык маянага үстөк акыларын) эсептөөдө колдонулуучу эселик коэффициентти белгилөө үчүн болгон бош кызмат орундарынын жана штаттык санды оптималдаштыруунун натыйжасында үнөмдөлгөн эмгек акы фондунун каражаттарын пайдалануу жана чыгымдоо тартибин бекитүүгө;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берүүгө.
2. Кыргыз Республикасынын пилоттук министрликтеринин жетекчилеринин бюджеттик программада каралган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган чечимдери үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбей пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жалпыласын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "ОСНОВНЫЕ НАПРАВЛЕНИЯ фискальной политики Кыргызской Республики на 2020-2022 годы" к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 12 сентября 2019 года № 469Направления · 12.09.2019 · № 469
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 163 "2022-2024-жылдар мезгилине программалык бюджеттөөнү ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2022 · № 163 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 26.12.2018 · № 112
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон