Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2022-2024-жылдар мезгилине программалык бюджеттөөнү ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 августа 2023 года № 404 "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты в сфере бюджетирования на программной основе и бюджетной прозрачности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-08-14.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 404 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 25-марты № 163 2022-2024-жылдар мезгилине программалык бюджеттөөнү ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө Бюджеттин чыгымдарынын социалдык жана экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн программалык бюджеттөөнү киргизүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-2024-жылдар мезгилине программалык бюджеттөөнү ишке ашыруу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине, Кыргыз Республикасынын энергетика министрине, Кыргыз Республикасынын финансы министрине (мындан ары - пилоттук министрликтер) 2022-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде бюджеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында:
1) төмөнкүлөргө укук берилсин:
- мамлекеттик органдын бюджеттик программаларына ылайык чектүү штаттык сандын алкагында түзүмүн жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын өз алдынча аныктоого;
- программалык бюджеттерди ишке ашыруунун жүрүшүндө бошотулган акча каражаттарын пайдаланууга:
башка программаларды ишке ашырууга айрым бюджеттик программалар боюнча каралган каражаттарды үнөмдөөдөн; "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык талаптарды сактоо менен мамлекеттик органдардын эмгек акы төлөө фондунун чегинде кызматчыларга жана кызматкерлерге эмгек акыга коэффициентти (же кызматтык маянага үстөктү) белгилөө үчүн бош кызмат орундардын болушунан жана штаттык бирдиктерди оптималдаштыруудан;
2) кезектеги жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акт күчүнө киргенден кийин 10 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын жана натыйжалуулук индикаторлорун пландык маанилерин ай сайын бөлүштүрүүнү өз убагында берүүнү камсыз кылсын;
3) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине пилоттук министрликтердин программалык бюджеттерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты, анын ичинде түзөтүлгөн пландык көрсөткүчтөрдү берсин.
3. Пилоттук министрликтердин министрлери бюджеттик программада каралган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пилоттук министрликтерди өз убагында жана биринчи кезекте каржылоону камсыз кылсын;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен, 2022-2024-жылдар мезгилине программалык бюджеттөөнү ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жалпыласын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берсин;
3) бюджеттик программаларды жана чараларды, пилоттук министрликтердин бюджеттик программалар жана чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлорун аткарууга талдоо жүргүзсүн жана жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгынын негизинде пилоттук министрликтердин бюджеттик сметаларын 5%га чейин көбөйтүү же кыскартуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 173 "Пилоттук министрликтердин 2019-2021-жылдар мезгилине бекитилген программалык бюджеттерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 404 "Программалык негизде бюджеттөө жана бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым ченемдик…Постановление · 14.08.2023 · № 404 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 173 "Пилоттук министрликтердин 2019-2021-жылдар мезгилине бекитилген программалык бюджеттерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2019 · № 173 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 404 "Программалык негизде бюджеттөө жана бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым ченемдик…Постановление · 14.08.2023 · № 404 · Күчүн жоготкон