4-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардын чектеринде:
- жазык-аткаруу тутумундагы мекемелердин кызматкерлерин (мындан ары - кызматкерлер) квалификациялуу кадрлар менен толуктоого көмөк көрсөтөт;
- жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине алардын иши жана соттолгондорду эмгекке тартуу үчүн шарттарды түзүп, ошондой эле жазык-аткаруу тутумундагы кызматкерлердин жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнүн укуктук жана социалдык жактан корголушунун кепилдиктерин ишке ашырууну камсыз кылат;
- байкоочу комиссияларды, балдардын иштери боюнча комиссияларды түзөт жана түзөтүүчү мекемелердин ишин контролдойт;
- жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери үчүн тиешелүү бюджеттердин эсебинен ушул Мыйзам менен каралбаган социалдык коргоонун кошумча кепилдиктерин белгилейт;
- жазаны аткаруу жайларынан бошотулган адамдардын социалдык адаптациясына жана алардын эмгекке орношуусуна жардам көрсөтөт;
- түзөтүү мекемелерин куруу жана аймакта болгон объектилерди түзөтүү мекемелерине реконструкциялоо үчүн каражаттарды бөлүп берет;
- акысыз негизде жер участокторун, курулмаларды, түзөтүү мекемелеринин көмөкчү чарбаларын уюштуруу үчүн шаймандарды бөлүп берет.
(КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 111, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
II Глава Жазык-аткаруу тутумунун уюму жана анын ишин камсыз кылуу
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 июля 2011 года № 111 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы" "Редакцияларды салыштыруу
06.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Мамлекеттик органдар кошулду: өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алынып салынды: өз кошулду: берилген мамлекеттик ыйгарым алынып салынды: укуктарынын кошулду: укуктардын жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардын чектеринде:
- жазык-аткаруу тутумундагы мекемелердин кызматкерлерин … үчүн шаймандарды бөлүп берет.
(КР 2011-жылдын 19-июлундагы № алынып салынды: 111 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 111, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
II Глава
Жазык-аткаруу тутумунун уюму жана анын ишин камсыз…
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 478 токтомуна "2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү…Стратегия · 15.10.2018 · № 478
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-февралындагы № 105 "Соттолгон жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга социалдык көмөк көрсөтүү боюнча убактылуу нускаманы бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.02.2014 · № 105
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 26-февралындагы № 105 токтомуПостановление · 26.02.2014 · № 105
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1323/st-4" title="4-статья - Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>