КР Өкмөтүнүн «Соттолгон жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга социалдык көмөк көрсөтүү боюнча убактылуу нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-февралы № 105 Соттолгон жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга социалдык көмөк көрсөтүү боюнча убактылуу нускаманы бекитүү жөнүндө Түзөтүү мекемелерин бошотулган адамдардын социалдык көнүү шарттарын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 151-статьясын, «Жазык-аткаруу (пениттенциардык)» системанын органдары жана мекемелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Соттолгон жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга социалдык көмөк көрсөтүү боюнча убактылуу нускама (мындан ары-Убактылуу нускама) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токомдон келип чыккан чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы:
- ушул токтомдон келип чыккан мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирге үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 150-статьясынан келип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге ушул токтомдон келип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Убактылуу нускама 2014-жыдын 30-июнуна чейин колдонулаары, бирок ушул токтомдун 3-пунктунда кабыл алынышы каралган, мыйзам күчүнө кирген убакыттан кечиктирилбей тургандыгы белгиленсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 1
Документке шилтеме берген актылар (1)
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон