11-статья. Жазык-аткаруу тутумун каржылоо
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 января 2023 года № 20
Жазык-аткаруу тутумун каржылоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдердин негизинде республикалык бюджетте өзүнчө сап менен көрсөтүлүп, максаттуу багытта жүзөгө ашырылат. Жазык-аткаруу тутумундагы мекемелердин өндүрүштүк ишинен түшкөн кирешелер жана жазык-аткаруу тутумундагы мекемелердин ишканаларынын пайдасы тиешелүү бюджеттерге милдеттүү төлөөлөрдү төлөгөндөн кийин соттолгондорду жана кайтарууга алынган адамдарды күтүүнүн шарттарын жакшыртуу, соттолгондорду эмгекке тартуу, ошондой эле жазык-аткаруу тутумундагы мекемелердин социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн пайдаланылат. Жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы жазык-аткаруу тутумунун айрым мекемелерине жана жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканаларына, жазык-аткаруу тутумундагы мекемелердин өндүрүштүк ишиндеги кирешелеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканалардын пайдасынын, ошондой эле ушул максаттарга берилүүчү коомдук уюмдардын жана жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын эсебинен каржылык жардам көрсөтүү үчүн атайын фонддорду түзүү укугуна ээ. Атайын фонддорду түзүү жөнүндө жоболор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз тескөөсүндө болгон каражаттардын эсебинен жазык-аткаруу тутумунун мекемелерин күтүүгө чыгымдарды өз алдынча көбөйтүүгө укуктуу. Жазык-аткаруу тутумунун өнүктүрүүгө жана чыңдоого каражатарды бөлүп берүү мамлекеттик программалардын негизинде жүзөгө ашырылат. (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
31.01.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каржылоо
Жазык-аткаруу тутумун каржылоо Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдердин негизинде республикалык бюджетте … ээ. Атайын фонддорду түзүү жөнүндө жоболор Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана … бөлүп берүү мамлекеттик программалардын негизинде жүзөгө ашырылат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-декабрындагы № 742Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын органдары менен мекемелерин…Постановление · 30.12.2008 · № 742 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары…Постановление · 01.09.2014 · № 511 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 142 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 23.03.2015 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1323/st-11" title="11-статья - Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>