10-статья. Аткаруу бийлик органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө көмөктөшүү боюнча милдеттери
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 января 2023 года № 20
Карамагында катнашуу жолдору, ошондой эле байланыш каражаттары болгон аткаруу бийлик органдары ушул Мыйзам менен өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө линияларды, каналдарды жана байланыш каражаттарын берет. Карамагында катнашуу жолдору болгон аткаруу бийлик органдары Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө соттолгон жана кайтарууга алынган адамдарды ташуу үчүн атайын вагондорду ижарага берип, темир жол бекеттеринде атайын вагондордун токтошу үчүн жабдылган жерлерди, ошондой эле аларга соттолгон жана кайтарууга алынган адамдарды киргизүү жана түшүрүү үчүн орундарды бөлүп берет. Карамагында транспорт болгон аткаруу бийлик органдары Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө соттолгондорду жана кайтарууга алынган адамдарды ташуу үчүн транспорт каражаттарын берүүдө көмөк көрсөтөт. Аткаруу бийлик органдары өзгөчө абалдын жана башка өзгөчө жагдайлардын шарттарында өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө темир жолдорду, каналдарды жана байланыш каражаттарын акысыз берет. (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
31.01.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө алынып салынды: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте линияларды, каналдарды жана байланыш каражаттарын берет.
Карамагында … Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө алынып салынды: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте соттолгон жана кайтарууга алынган адамдарды ташуу үчүн атайын … темир жолдорду, каналдарды жана байланыш каражаттарын акысыз берет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1323/st-10" title="10-статья - Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>