Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 „Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 декабря 2021 года № 350 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики о подведомственных подразделениях Министерства юстиции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 1-сентябры № 511 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобонун:
- 4-пунктунда:
- "10" цифралары "20" деген цифраларга алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасынын мекемелеринин биргелешкен иши тууралуу келишимдерге ылайык өлчөмдөрдө биргелешкен ишканалардын, өндүрүштөрдүн которууларынан;";
- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 7-пункттагы бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонддун каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыздасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз…Постановление · 24.12.2021 · № 350
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын…Положение · 30.12.2008 · № 742 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз…Постановление · 24.12.2021 · № 350
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-декабрындагы № 742Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын органдары менен мекемелерин…Постановление · 30.12.2008 · № 742 · Күчүн жоготкон