Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1998-жылдын 12-сентябры № 122 Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө (КР 2000-жылдын 18-январындагы № 27, 2002-жылдын 21-январындагы № 8, 2003-жылдын 27-февралындагы № 45, 2006-жылдын 24-февралындагы № 64, 2011-жылдын 31-мартындагы № 9, 2016-жылдын 22-январындагы № 9, 2016-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоонун укуктук негизин бекемдейт.
1-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Ушул Мыйзам Жалал-Абад областындагы Токтогул районунда жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылында жашаган жана иштеген бардык жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат. (КР 2006-жылдын 24-февралындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын өзгөчө статусу Жалал-Абад областынын Токтогул району жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылы мамлекеттик өзгөчө камкордукка алынган аймактар деп жарыяланат. Ушул Мыйзамда каралган кепилдик берилген компенсациялардан тышкары мамлекет аталган аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө алардын нормалдуу жашоо шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл колдоо көрсөтөт. Аталган аймактардын белгилүү мезгилге социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн программасы кызыкчылыгы бар министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү органдардын катышуусу менен иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (КР 2006-жылдын 24-февралындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Суу астында калган айыл чарба жерлеринин өлчөмү жана алардын ордун толтуруу Аталган аймактарда бардыгы 33 миң гектар жер суу астында калган жана 23 миң гектар айыл чарба жерлери, токойлор жана короо жайлар айыл чарбасында пайдалануудан чыгып калган. Аталган аймактардын айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө багыт алган айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба министрлигинин алдындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунан жерлер бөлүнүп берилет. (КР 2006-жылдын 24-февралындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Мүлктүк зыяндарды калыбына келтирүү Мүлктүк зыяндарды калыбына келтирүү социалдык-маданий, тиричилик объектилерин, суу чарба объектилерин, өндүрүштүк имараттарды жана курулуштарды куруу, жерлерди өздөштүрүү жана жакшыртуу жолу менен ишке ашырылат.
5-статья. Жыл сайын көрсөтүлүүчү мамлекеттик компенсация Аталган аймактардын калкынын жашоо турмушун камсыз кылуу максатында мамлекет компенсация төлөп берет. Компенсациянын көлөмү жана аны төлөп берүүнүн тартиби жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6-статья. Компенсацияны каржылоо булактары Зыянды компенсациялоону каржылоонун булагы болуп Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын эсебине Токтогул ГЭСи иштеп чыгаруучу электр энергиясынын өздүк наркына бул сумманы чегерүү менен инфляцияга аны индекстештирүүнү эске алуу менен 70,0 млн. сом өлчөмүндө Токтогул ГЭСинин чыгымдарынын эсебинен "Электр станциялары" АКсынын ар жылдык чегерүүлөрү эсептелсин, мунун өзү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан тарифтердин түзүмүндө жыл сайын каралат. "Электр станциялары" АКсынын" жылдык үргүлжү кирешесинен чыгарып салынуучу компенсациянын суммаларын Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын фондунун эсебине чегерүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлөт. (КР 2000-жылдын 18-январындагы № 27, 2002-жылдын 21-январындагы № 8, 2003-жылдын 27-февралындагы № 45, 2011-жылдын 31-мартындагы № 9, 2016-жылдын 22-январындагы № 9, 2016-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Электр энергиясы үчүн төлөөлөр жөнүндө Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын калкы пайдаланган жана насостук станцияларды иштетүүгө кеткен электр энергиясы үчүн төлөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген Токтогул ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк наркы боюнча талап кылуу чектерин эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат. (КР 2006-жылдын 24-февралындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Башка жеңилдиктер жана кепилдиктер жөнүндө Аталган аймактарда жашаган адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган жеңилдиктер жана кепилдиктер сакталат. (КР 2006-жылдын 24-февралындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
10-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө Ушул Мыйзам 1999-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 19 · байланышкандар: 13
Цитата келтиргендер (19)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик…Постановление · 24.04.2025 · № 227
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2001 года N 842 "О вопросах, связанных с компенсацией ущерба жителям Токтогульского района Джалал-Абадской области"Постановление · 31.12.2001 · № 842
- Постановление СНП Жогорку Кенеша КР от 13 июня 2001 года П № 271-II-5 "Об исполнении Закона Кыргызской Республики "О компенсации ущерба от строительства Токтогульской ГЭС и…Постановление · 13.06.2001 · № 271
- О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О компенсации ущерба от строительства Токтогульской ГЭС и водохранилища на территории Токтогульского района Джалал-Абадской…Закон · 27.02.2003 · № 45
- Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Закон · 24.02.2006 · № 64
- О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О компенсации ущерба от строительства Токтогульской ГЭС и водохранилища на территории Токтогульского района Джалал-Абадской…Закон · 21.01.2002 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-январыдагы № 6 "Төмөнкүдөй курамда өкмөттүк комиссия түзүлүшү жөнүндө"буйругуРаспоряжение · 15.01.2007 · № 6 · Күчүн жоготкон
- Постановление Исполнительного совета Нацагенства КР по антимонопольной политике и разитию конкуренции от 13 апреля 2006 года № 3-п "О тарифе за электрическую энергию для…Постановление · 13.04.2006 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Постановление Исполнительного совета Госагентства по энергетике при Правительстве КР от 4 мая 2001 года № 57-п "О тарифе на электрическую энергию для отдельных категорий…Постановление · 04.05.2001 · № 57-п · Күчүн жоготкон
- Постановление Исполнительного совета Госагентства по энергетике при Правительстве КР от 8 ноября 2001 года № 133-п "О тарифе на электрическую энергию для отдельных категорий…Постановление · 08.11.2001 · № 133-п · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 26 сентября 2000 года №592 "О размерах компенсации населению Токтогульского района Джалал-Абадской области"Постановление · 26.09.2000 · № 592 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Правительства КР от 13 марта 2001 года №71-р (Об образовании Правительственной комиссии)Распоряжение · 13.03.2001 · № 71 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 24 июня 1998 года №382 "О заключении Правительства Кыргызской Республики к Закону Кыргызской Республики "О компенсации ущерба от строительства…Постановление · 24.06.1998 · № 382 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылындагы 6-январындагы № 4 "Жалалабат облусунун Токтогул районунун аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты куруудан келтирилген зыянды…Постановление · 06.01.2006 · № 4 · Күчүн жоготкон
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 27-апрелиндеги N 218 "Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын…Постановление · 27.04.2016 · № 218 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 23 декабря 2002 года №869 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О компенсации ущерба от…Постановление · 23.12.2002 · № 869 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 марта 2002 года №155 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 20.03.2002 · № 155 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 211 "Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын…Постановление · 14.04.2015 · № 211 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 декабря 2002 года №861 "О внесении дополнений в Положение о специальном фонде Министерства сельского, водного хозяйства и перерабатывающей…Постановление · 19.12.2002 · № 861 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (13)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын…Постановление · 21.01.2014 · № 41
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын…Постановление · № 89
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 17-декабрындагы № 115-VI "Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу…Постановление · 17.12.2015 · № 115-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 4-мартындагы №225-V "Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу…Постановление · 04.03.2011 · № 225-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 787-VI "Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу…Постановление · 23.06.2016 · № 787-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 818-VI "Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Кел шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу…Постановление · 29.06.2016 · № 818-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 819-VI "Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу…Постановление · 29.06.2016 · № 819-VI
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 20.11.2014 · № 660 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 705 "Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын фонду" мамлекеттик ишканасынын уставын…Постановление · 04.11.2011 · № 705 · Күчүн жоготкон
- Постановление Исполнительного Совета Госагенства по энергетике при Правительстве КР от 12 января 2000 года № 1 " О тарифе на электрическую энергию для потребителей Токтогульского…Постановление · 12.01.2000 · № 1 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июлундагы № 527 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук…Постановление · 24.07.2015 · № 527 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №757 "Жалалабат облусунун Токтогул районунун калкын колдоо боюнча айрым чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.10.2006 · № 757 · Күчүн жоготкон