Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жалалабат облусунун Токтогул районунун аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты куруудан келтирилген зыянды компенсациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-01-06.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 6-январы № 4
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жалалабат облусунун Токтогул районунун
аймагында Токтогул ГЭСин жана суу
сактагычты куруудан келтирилген зыянды
компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына
толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
макулдугу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты О.М.Артыкбаев
тарабынан демилге кылынган "Жалалабат облусунун Токтогул районунун ай-
магында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты куруудан келтирилген зыянды
компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген
корутундуга ылайык макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 6-январы № 11-57/30
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Жалалабат облусунун Токтогул районунун
аймагында Токтогул ГЭСин жана суу
сактагычты куруудан келтирилген зыянды
компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты О.М.Артыкбаев тарабынан демилге кылынган "Жалалабат
облусунун Токтогул районунун аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сакта-
гычты куруудан келтирилген зыянды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алууга өзүнүн расмий
макулдугун берет.
Каралуучу мыйзам долбоорунда Жазы-Кечүү айылында жашаган адамдар
"Жазы-Кечүү айылын Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Токтогул
районунун курамынан чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жалалабат облу-
сунун Каракөл шаарынын администрациялык-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 18-февралындагы 43 Мыйзамы
кабыл алынгандыгына байланыштуу жоготкон укуктарын калыбына келтирүү
болжолдонгондугун көњүлгө алуу менен "Жалалабат облусунун Токтогул рай-
онунун аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты куруудан келтирил-
ген зыянды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын
12-сентябрындагы № 122 Мыйзамынын 1-статьясынын текстине гана эмес,
ошондой эле аталышына жана 2, 7 жана 8-статьяларынын тексттерине да
"жана Каракөл шаарынын Жазы-Кечүү айылы" деген сөздөрдү киргизүү зарыл.
Мындан тышкары, 2 жана 8-статьяларынын тексттерин аларда бир нече
райондор жөнүндө эскертилгендигин жоюу жагынан оњдоо зарыл.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо…Закон · 12.09.1998 · № 122
- О выводе села Жазы-Кечу из состава Токтогульского района Джалал-Абадской области Кыргызской Республики и передаче в административно-территориальное подчинение города Кара-Куль…Закон · 18.02.2000 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон