Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 6 августа 2021 года № 116 "О подведомственных подразделениях и организациях Министерства сельского, водного хозяйства и развития регионов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-08-06.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 3-декабры № 562 Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 196 токтомунун редакциясына ылайык) Агрардык илимий-изилдөө институттарын натыйжалуу иштетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин карамагына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтун, 51 бирдик штаттык саны жана 21 бирдик техникалык жана тейлөөчү персоналы, 2018-жылга тиешелүү бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен;
- Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтун, 79 бирдик штаттык саны, 21 бирдик техникалык жана тейлөөчү персоналы, 2018-жылга тиешелүү бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 196 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин уставында:
- I бөлүмүнүн 1.5-пунктунун жыйырманчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- V бөлүмүнүн 5.1-пунктундагы ", өндүрүштүк" деген сөз алып салынсын;
- VI бөлүмүнүн 6.5-пунктунун он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин түзүмүндө:
- "Мал чарбачылыгы жана жайыттар ИИИ; Дыйканчылык ИИИ; Нарын районундагы "Тянь-Шань" АТЗ; Жети-Өгүз районундагы "Оргочор" АТЗ; Кара-Суу районундагы "Катта Талдык" АТЗ; Кара-Буура районундагы М.Лущихин атындагы АТЗ; Кочкор районундагы "Кочкор" АТЖЗ; Нарын районундагы "Нарын" АТЖЗ; Талас районундагы "Талас" АТЖЗ; Ноокат районундагы "Көк Бел" АТЖЗ,; Пахта боюнча тажрыйба станциясы, Ош облусу; Ысык-Көл тажрыйба-селекциялык станциясы, Ысык-Көл облусу; "Жаңы-Пахта" үрөнчүлүк чарбасы, Чүй облусу; Бүргөндү таяныч пункуту, Баткен облусу; Кант кызылчасы боюнча тажрыйба селекциялык станциясы, Чүй облусу; Экспертименталдык чарба, Чүй облусу; Нарын тажрыйба станциясы, Нарын облусу" позициялар алып салынсын;
жогоруда аталган токтомдун "Илим-изилдөө институттарынын (тажрыйба-селекциялык станциялардын, эксперименталдык, үрөнчүлүк чарбалардын, асыл тукум заводдордун жана таяныч пункттардын) ведомстволук уюмдардын тизмеси жана алардын дареги, жайгашкан орду" тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө жободо: 7-пунктунда:
- 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"агрардык илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий-өндүрүштүк, илимий-изилдөөчү жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди аткаруу боюнча мамлекеттик тапшырыкты камсыздоо;";
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
- "дыйканчылык, ирригация, ветеринария, мал чарба жана жайыт жаатындагы илимий-инновациялык иштерди координациялайт, агрардык илимдин жетишкендиктерин айыл чарба өндүрүшүнө жайылтат;";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасында:
- "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети; Жайыт жана мал чарбасы илимий-изилдөө институту; Дыйканчылык боюнча илимий-изилдөө институту;" позициясы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту; Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту"; "
";
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү:
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (12)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №178 токтому менен бекитилген "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин" УСТАВЫУстав · 20.04.2011 · № 178 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен…Положение · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2011 · № 178 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз…Положение · 03.12.2018 · № 562 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз мал чарба…Положение · 03.12.2018 · № 562 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуПостановление · 06.08.2021 · № 116
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 196 токтомуПостановление · 29.04.2019 · № 196
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 280 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 "Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 01.06.2020 · № 280 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 "Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 29.04.2019 · № 196 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2011 · № 178 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.