КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 “Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Дыйкан жана мал чарба чөйрөсүндөгү илимий-изилдөө институттардын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 “Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтун, 51 бирдик штаттык саны жана 21 бирдик техникалык жана тейлөөчү персоналы, 2018-жылга тиешелүү бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен;”;
- үчүнчү абзацындагы “анын ичинде, 21 бирдик” деген сөздөр жана цифралар “21 бирдик” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 "Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.12.2018 · № 562 · Күчүн жоготкон