Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-ноябры № 553 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын “23” ноябры № 553 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инновациялык иштерди өнүктүрүү зарылдыгын эске алып, сунушталган мыйзамдын долбоорунун концепциясын жалпысынан колдойт. Ошону менен бирге, сунушталган мыйзамдын долбоорунун саясатына ылайык инновациялык иштерге кеткен чыгымдардан пайда салыгын чыгарып салууну колдонуу аркылуу маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнү колдогон чарбакер субъекттердин демилгелерине дем берүү чаралары сунушталууда, ага төмөнкүлөр кирет:
1) илимий-техникалык жетишкендиктерди жайылтуу боюнча иштер;
2) колдонмо программалардын пакеттерин жайылтуу боюнча иштер;
3) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жайылтуу боюнча иштер.
Мыйзамдын долбоорунда “илимий-техникалык жетишкендиктер”, “колдонмо программалардын пакеттери” деген терминдер колдонулууда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жок. Ченем чыгаруучу техникага ылайык мыйзамдын долбоорунун текстинде колдонулган бардык терминдердин (түшүнүктөрдүн) аныктамасы болушу керек, ал эми түшүндүрмө бөлүгүндө келтирилген бардык терминдер долбоордун текстинде ырааты менен колдонулууга тийиш. Мындай терминдердин салык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка тармактык мыйзам актыларында жок болушу ушул мыйзамдын долбоору кабыл алынып калган учурда, аны ишке ашырууда кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Белгилей кетүүчү нерсе, инновациялык иш боюнча жогоруда аталган жумуштар тиешелүү продукт (актив) түрүндө натыйжага ээ болот, алардын наркына бардык чыгымдар кошулат жана киреше алуу багытында ишине колдонгон учурда киреше алууга байланыштуу документ аркылуу ырасталган чыгымдар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 193-беренесине ылайык жылдык жыйынды кирешенин эсебинен чыгарылууга тийиш. Мында мыйзамдын долбооруна жаңы түшүнүктөрдүн (терминдердин) аныктамаларын берүүнү, ошондой эле долбоорду кабыл алуу зарылдыгынын эсептөөлөрүн жана финансылык-экономикалык негиздемелерин киргизүү зарыл деп эсептейбиз. Жогоруда айтылгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каралып жаткан мыйзамдын долбоорун кабыл алууну колдойт, мында берилген сунуштарды кароону максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон