Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 19-ноябры № 534 Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 98-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоону жана төлөөнү камсыз кылсын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдар- га кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Порядок · 19.11.2018 · № 534
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз…Постановление · 24.12.2021 · № 350
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон