Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдар- га кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток- тому менен бекитилген)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 534 токтомуна)
Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө ТАРТИБИ (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жана жумуш берүүчү менен эмгек мамилесинде турбаган соттолгон аялдарга (мындан ары - соттолгон аялдар) кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн шарттарын аныктайт.
Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган соттолгон аялдарга карата колдонулат. Ушул Тартип жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жана жумуш берүүчү менен эмгек мамилесинде болгон соттолгон аялдарга карата колдонулбайт. Бул категориядагы соттолгон аялдарга карата кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтому менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык төлөнөт.
2-глава. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө шарттары
2. Жазык-аткаруу тутумунун мекемесинин медициналык кызматы соттолгон аялдын кош бойлуулугун аныктагандан кийин ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча каттоо журналына жана кош бойлуу жана төрөгөн аялдын жеке картасына жазуу менен аны каттоого алат.
3. Соттолгон аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоого жана төлөөгө негиз болуп жазык-аткаруу тутумунун мекемесинин администрациясынын кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө жөнүндө буйругу эсептелет.
Аталган буйрук ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кош бойлуулук жөнүндөгү жазык-аткаруу тутумунун мекемесинин медициналык кызматы тарабынан таризделген жана жазаларды аткаруу мамлекеттик органынын медициналык кызматынын мөөрү менен бекитилген маалымкат бар болгондо чыгарылат.
4. Жазык-аткаруу тутумунун медициналык кызматы тарабынан соттолгон аялга кош бойлуулуктун отузунчу жумасынан ушул Тартиптин 3-пунктунда белгиленген маалымкат берилет, ал жазык-аткаруу тутумунун финансы кызматына ушул Тартиптин 3-пунктунда белгиленген буйрукту тариздөө үчүн жиберилет.
5. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө ушул Тартиптин 3-пунктунда белгиленген буйрук чыккандан кийин жазык-аткаруу тутумунун атайын эсебинде чогулган өндүрүш ишинин каражатынын эсебинен төлөнөт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жазык-аткаруу тутумунун мекемесинин финансы кызматы тарабынан ушул Тартиптин 6-9-пункттары менен белгиленген соттолгон аялдардын өздүк эсебине акча каражатын которуу аркылуу төлөнөт. Соттолгон аялдын өздүк эсеби жок болгон учурда жазык-аткаруу тутумунун мекемесинин финансы кызматы жазаларды аткаруу мамлекеттик органынын чечими менен белгиленген тартипте анын атына өздүк эсебин ачат.
6. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 40 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө дайындалат, ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлардан тышкары.
7. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул соттолгон аялдарга эки этап менен төлөнөт:
- кош бойлуулуктун отуз жумалык мөөнөтүнө жеткенден кийин жети иш күндүн ичинде - 20 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- төрөттөн кийин жыйырма иш күндүн ичинде - 20 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
8. Кош бойлуулуктун отуз жумалык мөөнөтүнө чейин тирүү бала төрөгөн аялдарга жөлөкпул 40 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө төрөттөн кийин жыйырма иш күндүн ичинде берилет.
9. Бала жансыз болуп төрөлсө же төрөттөн кийинки жети күндүн ичинде каза болсо жөлөкпул 20 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жыйырма иш күндүн ичинде берилет.
3-глава. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн жоопкерчилик жана контроль
10. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча соттолгон аялдарга жөлөкпулду дайындоонун жана төлөөнүн негиздүүлүгү үчүн жазык-аткаруу тутумунун мекемесинин администрациясы жоопкерчилик тартат.
11. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөөнү контролдоо жазаларды аткаруу мамлекеттик органы тарабынын ишке ашырылат.
Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибине 1-тиркеме
Форма Соттолгон аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча маалымкат берүү жана КАТТОО ЖУРНАЛЫ
№
Каттоо күнү, айы, жылы
Аты-жөнү
Туулган күнү, айы, жылы
КР ЖКнын беренеси, жаза мөөнөтү
Корутунду жана сунуштар
Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибине 2-тиркеме
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
Форма Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы № _____________ мекеменин медициналык кызматы МЕДИЦИНАЛЫК МААЛЫМКАТ (врачтык-консультациялык корутунду) 20___-ж. _______________ № _____________ Берилди соттолгон ______________________________________________________________ _______________________________________________________________________________ (аты-жөнү, туулган күнү, айы, жылы, КР ЖКнын беренеси) Кош бойлуулук мөөнөтүнүн башы __________________________________________________ Кош бойлуулук мөөнөтүнүн аягы ___________________________________________________ Мөөнөтүндө кош бойлуулук боюнча каттоого турган датасы ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ Корутунду жана сунуштар _________________________________________________________
Гинеколог-дарыгер
____________________________________
_________________________
(аты-жөнү)
(колу)
№ _______________ мекеменин медициналык кызматынын башчысы
____________________________________ (аты-жөнү)
_________________________ (колу)
Макулдашылды: ЖАКнын медициналык кызматынын башчысы
____________________________________ (аты-жөнү)
_________________________ (колу)
М.О.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана…Постановление · 18.09.2018 · № 434
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 534 "Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана…Постановление · 19.11.2018 · № 534
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.