Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 1-ноябры № 514 Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасында соттук эксперттердин компетенттүүлүгүн сертификациялоо системасын тартипке салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө жободо:
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Эксперттик-квалификациялык комиссиялар (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын алдында түзүлөт жана иштейт.".
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, 4-тиркемеге ылайык.
3. 2019-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
3) ушул токтомдун 1-пункту.
4. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 2-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомуна "Эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО"Положение · 01.11.2018 · № 514
- Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана…Положение · 01.11.2018 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн ТАРТИБИ"Порядок · 01.11.2018 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомуна "Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү…Порядок · 01.11.2018 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз…Постановление · 24.12.2021 · № 350
- Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө ЖобоПоложение · 17.03.2014 · № 132 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 132 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, жарактуулугун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана…Положение · 17.03.2014 · № 132 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Сот экспертинин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн ТАРТИБИ"Порядок · 17.03.2014 · № 132 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибиПорядок · 17.03.2014 · № 132 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2017 · № 340 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.07.2016 · № 161
- Соттук-эксперттик иш жөнүндөЗакон · 24.06.2013 · № 100
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 132 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2017 · № 340 · Күчүн жоготкон