Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомуна
Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын сот эксперттеринин мамлекеттик реестринин (мындан ары - Мамлекеттик реестр) максатын, аны түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын сот эксперттери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
2-глава. Мамлекеттик реестрдеги камтылган маалыматтар
3. Мамлекеттик реестрге сот эксперттери жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- фамилиясы, аты, атасынын аты;
- иштеген жери жана ээлеген кызматы;
- билими жөнүндө маалыматтар (качан жана кайсы жогорку окуу жайды бүтүргөн), адистиги, кошумча, кесиптик билими, окумуштуулук наамы жана окумуштуулук даражасы;
- эксперттик адистиги;
- сот экспертинин компетенттүүлүк сертификаты жөнүндө маалыматтар (компетенттүүлүк сертификатынын номери жана берилген күнү);
- сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө маалымат.
3-глава. Мамлекеттик реестрди түзүү тартиби
4. Мамлекеттик реестрди жүргүзүү соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекеттик реестрдин жүргүзүлүшүн маалыматтык камсыздоо эксперттик-квалификациялык комиссия тарабынан сот эксперттери жөнүндө маалыматтарды берүү жолу менен ишке ашырылат.
6. Сот эксперттери жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келген күндөн баштап беш иш күндүн ичинде Мамлекеттик реестрге киргизилет.
7. Мамлекеттик реестр кагаз сактагычта жана электрондук түрдө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ушул Тартиптин тиркемесине ылайык формада жүргүзүлөт.
8. Мамлекеттик реестрдин кагаз варианты боо менен көктөлөт, ар бир барагы номерленет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрү менен бекитилет. Беттердин номерлениши өтмө болот. Карандаш менен жазууга, чийип оңдоого, кырып өчүрүүгө, оңдоого, барактарды алып коюуга болбойт.
9. Мамлекеттик реестрдин электрондук варианты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын соттук эксперттери жөнүндө мамлекеттик реестрдеги маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылбайт.
4-глава. Мамлекеттик реестрди пайдалануу тартиби
10. Соттук экспертизаны дайындоочу орган (кызмат адамы) сот эксперттери жөнүндө Мамлекеттик реестрге киргизилген маалыматтарды пайдаланат.
11. Зарыл болсо соттук экспертизаны дайындоочу орган (кызмат адамы) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине сот эксперттери жөнүндө маалыматтарды берүү тууралуу суранычты жазуу жүзүндө тариздейт.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мамлекеттик реестрден көчүрмөнү жазуу жүзүндөгү сураныч келген күндөн баштап беш иш күндүн ичинде, жетекчинин же аны алмаштыруучу адамдын кол тамгасы менен күбөлөндүрүп берет.
13. Ал көчүрмө соттук экспертизаны дайындоочу жана суранычты тариздеген органдын (кызмат адамынын) дарегине жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибине тиркеме
Форма Кыргыз Республикасынын сот эксперттеринин МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
№
Фамилиясы, аты, атасынын аты
Иштеген жери жана ээлеген кызматы
Билими жөнүндө маалымат (качан жана кайсы жогорку окуу жайды бүтүргөн), адистиги, кошумча, кесиптик билими, окумуштуулук наамы жана окумуштуулук даражасы
Экспертиза боюнча адистиги
Сот экспертинин компетенттүүлүк сертификаты жөнүндө маалымат (компетенттүүлүк сертификатынын номери жана берилген күнү), компетенттүүлүк сертификатынын жарактуулугун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө маалымат
Эскертүү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.11.2018 · № 514