Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө Жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 1 ноября 2018 года № 514 "О некоторых вопросах судебно-экспертной деятельности в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-11-01.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 токтомуна 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын сот эксперттеринин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча эксперттик-квалификациялык комиссиянын компетенттүүлүк сертификатын берүү, берүүдөн баш тартуу, жарактуулугун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу маселелери боюнча ишинин уюштурулушун жана тартибин аныктайт.
2. Эксперттик-квалификациялык комиссиялар (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын алдында түзүлөт жана иштейт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Комиссия Кыргыз Республикасында сот экспертинин ишин жүргүзүүгө талапкер болгон талапкерлердин компетенттүүлүгүн сертификациялоо үчүн түзүлгөн, туруктуу иштөөчү орган болот.
2. Комиссиянын түзүмү жана курамы
5. Комиссиянын түзүмүнө карамагында комиссия түзүлүүчү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттик мекемелердин өкүлдөрү жана сот эксперттери кирет. Макулдашуу боюнча комиссиянын түзүмүнө илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү да кириши мүмкүн.
Комиссиянын түзүмү төрагадан, комиссиянын катчысынан жана мүчөлөрүнөн турат.
6. Комиссиянын персоналдык түзүмү карамагында Комиссия түзүлгөн мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
7. Комиссия соттук экспертизанын айрым түрлөрү же конкреттүү эксперттик багыттар боюнча ички комиссияларды (секцияларды) түзүүгө укуктуу.
3. Комиссиянын функциялары
8. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
а) Комиссиянын ишинин регламентин аныктайт;
б) компетенттүүлүккө сертификациялоодон өтүү үчүн талапкерлер берген документтерди карайт;
в) экзамендик белеттерге киргизилчү суроолордун тизмесин жана санын бекитет;
г) квалификациялык экзаменди алат;
д) төмөнкүдөй чечимдерди чыгарат:
компетенттүүлүк сертификатын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө; компетенттүүлүк сертификатынын жарактуулугун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө; компетенттүүлүк сертификаты жоголгондо жана бузулганда алардын дубликаттарын берүү жөнүндө; сот эксперттеринин компетенттүүлүк маселеси боюнча аларга карата жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөлөрдүн корутундуларын карайт.
9. Комиссиянын төрагасы:
а) Комиссиянын ишин уюштурат жана жетектейт;
б) Комиссиянын жыйындарын чакырат жана өткөрөт;
в) Комиссия кабыл алган чечимдерди бекитет:
г) Комиссия кабыл алган чечимдердин аткарылышына контролду камсыздайт.
10. Комиссиянын катчысы:
а) Комиссиянын жыйындарын даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат;
б) Комиссиянын жыйындарын өткөрүү үчүн материалдарды даярдайт;
в) Комиссиянын ишине байланыштуу иш кагаздарын жүргүзөт, ошондой эле компетенттүүлүк сертификаты берилген эксперттердин эсебин жана сертификаттардын бланктарынын эсебин жүргүзөт;
г) Комиссиянын жыйындарынын протоколдордун жазат жана тариздейт;
д) Комиссиянын дарегине келген материалдарды сактоону уюштурат;
е) сот эксперттеринин компетенттүүлүк сертификаттарын тариздейт жана компетенттүүлүк сертификатын берүүнү каттоо журналына аларды берүүнүн эсебин жазат;
ж) Кыргыз Республикасынын сот эксперттеринин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сертификациялоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды берет.
4. Комиссиянын ишин уюштуруу
11. Комиссиянын жыйыны эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
12. Чечим талкуунун негизинде, жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
13. Комиссиянын чечимдери жыйындардын протоколдору менен таризделет, ага Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
14. Комиссиянын жыйыны компетенттүүлүк сертификатын алууга өтүнмөлөрдүн түшүшүнө жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат.
15. Комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Комиссия иштеген мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
16. Комиссиянын жыйынын өткөрүү убактысы, орду, күнү жана күн тартиби Комиссиянын мүчөлөрүнө катчы тарабынан жыйынды өткөрүүчү күндөн беш иш күн мурда жиберилет.
17. Комиссия жеке жана юридикалык жактардан өз функцияларын аткаруу үчүн керектүү жазуу түрүндөгү жана оозеки маалыматтарды, тийиштүү документтерди сураганга жана алганга укуктуу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.11.2018 · № 514
- Соттук-эксперттик иш жөнүндөЗакон · 24.06.2013 · № 100
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 132 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон