Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 апреля 2019 года № 189 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики "О введении временного моратория на внесение изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о проступках, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики" от 4 октября 2018 года № 457"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-04-22.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 4-октябры № 457 Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө
Укук колдонуу практикасында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин натыйжалуулугун камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы № 124 “Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштыруучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун демилгелөө 2020-жылдын 1-январына чейин токтотулсун:
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине;
- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине;
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине.
2. Өкмөттүн ушул токтомунун 1-пунктунун аракети жогоруда аталган кодекстерге төмөнкүлөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштыруучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жайылтылбайт:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу;
- Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын концептуалдык негиздерин сактоо шартында “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу;
- келтирилген зыянды аныктоого жана ордун толтурууга байланышкан эскирүү мөөнөтүн өзгөртүү;
- укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жоюу (карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу).
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 2840-VI "Сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды 2019-жылдын 1-январынан…Постановление · 23.01.2019 · № 2840-VI
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 189 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 22.04.2019 · № 189
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 189 токтомуПостановление · 22.04.2019 · № 189
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 189 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 22.04.2019 · № 189
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы ПЖ № 124 "Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 22.05.2018 · № 124 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон