Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик каттоого байланышкан айрым маселелер жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 7 марта 2023 года № 136 "О регистрации, подтверждении регистрации и внесении изменений в регистрационное досье лекарственных средств для медицинского применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-07.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 136 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-августу № 405 Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик каттоого байланышкан айрым маселелер жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-февралындагы № 58 токтомунун редакциясына ылайык)
"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 11, 12-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн мамлекеттик каттоо тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- 2021-жылдын 1-июлуна чейин дары препаратты мамлекеттик каттоо ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык же Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 чечими менен бекитилген Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн каттоо жана экспертизалоо эрежелерине ылайык жүргүзүлүшү;
- 2025-жылдын 31-декабрына чейин дары препараттын мамлекеттик каттоосун ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке же Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 чечими менен бекитилген Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн каттоо жана экспертизалоо эрежелерине ылайык жүргүзүлүшү;
- сапат боюнча ченемдик документке коюлган талаптардан сырткары, аталган Тартипте колдонулуучу документтерге жана дары препаратты каттоо досьесинин маалыматтарына жана дары препаратты медициналык колдонуу боюнча нускамага Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 чечими менен бекитилген Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн каттоо жана экспертизалоо эрежелеринин 1 жана 4-тиркемелеринде белгиленген талаптардын коюлушу;
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык берилген дары каражаттарын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүктөрүнүн жарактуу мөөнөтү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, бирок 2025-жылдын 31-декабрынан кеч эмес сакталышы;
- Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 119 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин фармакопеяларын шайкеш келтирүү концепциясынын VII бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык Европа фармакопеясынын талаптары биринчи деңгээлдеги негизги фармакопея катары, Британия фармакопеясынын, АКШ фармакопеясынын талаптары экинчи деңгээлдеги фармакопеялар катарында таанылат. Биринчи жана экинчи деңгээлдердеги фармакопеяларда тиешелүү макала (лар) (монографиялар) болбогон учурда, жалпы таанылган чет өлкөлүк фармакопеялардын, стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууларга катышуучу мамлекеттердин фармакопеяларынын макалаларынын (монографияларынын) колдонулушу;
- дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн маркалоо Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 76 чечими менен бекитилген Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн жана ветеринардык дары каражаттарын маркалоо талаптарына ылайык жүргүзүлүшү;
- дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөр Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 79 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай клиникалык практикасынын эрежелерине ылайык өткөрүлүшү;
- дары каражаттарына клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөр (сыноолор) Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 81 чечими менен бекитилген Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай лабораториялык практикасынын эрежелерине ылайык өткөрүлүшү.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-февралындагы № 58 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө регламентте:
- 3, 4, 11-главалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-главасынын 280-390-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Регламенттин 7, 8, 19-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 4-сентябрында N 74 жарыяланды
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" РЕГЛАМЕНТ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген)Регламент · 06.04.2011 · № 137
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын З-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана…Постановление · 31.12.2019 · № 739
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 136 " Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине…Постановление · 07.03.2023 · № 136 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтому менен бекитилген "Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн мамлекеттик каттоо ТАРТИБИ "Порядок · 28.08.2018 · № 405 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-февралындагы № 58 токтомуПостановление · 22.02.2021 · № 58
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 "Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик каттоого…Постановление · 22.02.2021 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" РЕГЛАМЕНТ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген)Регламент · 06.04.2011 · № 137
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 136 " Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине…Постановление · 07.03.2023 · № 136 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.