49-статья. Дары-дармек каражаттарынын жарнамасы
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Дары-дармек каражаттарынын жарнамасы фармацевтик рынокту базарды сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары-дармек каражаттары менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө, ошондой эле аларды натыйжалуу колдонуу өбөлгөсүн түзүүгө тийиш. Массалык маалымат каражаттарында Кыргыз Республикасында врачтын рецебисиз берилүүчү дары-дармек каражаттарынын жарнамасына жол берилет. Формасына карабастан дары-дармектерди клиникалык изилдөө учурунда алынган дары-дармек каражаттары жөнүндө жарнама фармакологиялык маалыматтарга ылайык келүүгө тийиш. Жарнама дары-дармек каражаттарын чанда учуроочу, өтө натыйжалуу, абдан коопсуз, кошумча таасирлери такыр болбогон каражат катары көрсөтпөшү керек, дары-дармек каражаттарынын курамына, чыгыш тегине, жаңылыгына же патенттүүлүгүнө жараша адашууга кириптер кылбоого тийиш. Жарнама дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканалардын кадыр-баркына, дары-дармек каражаттарынын таасир беришине карата керектөөчүлөрдүн ишенимине шек келтирбеши керек. Дары-дармек каражаттары жөнүндө жарнама берилген учурда жарнаманын таасирин күчөтүш үчүн аларды башка дары-дармек каражаттары менен салыштырууга жол берилбейт. Жарнама медициналык консультацияларды же хирургиялык операцияларды керек эмес дегендей ой-пикир калтырбоого тийиш. Жарнамада өз алдынча дарылоонун контролдусуздугунан качуу үчүн дары-дармек каражаттарын жарнамалоодо врачтын же провизордун элесин пайдаланууга, белгилүү адамдардын, пациенттерди дарылаган адистердин жана алардын туугандарынын ой-пикирине шилтеме жасоого тыюу салынат. Жарнама дары-дармек каражаттарынын таасирине кепилдик берилгендиги жөнүндө жоромолдоолорду камтыбоого тийиш. Дары-дармек каражаттарынын жарнамасына контроль Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Дары-дармек каражаттарынын жарнамасына тиешелүү ушул Мыйзамдын жоболору бузулган учурда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дары-дармек каражаттарын андан ары жарнамалоого тыюу салышы же ошол дары-дармек каражаттарынын жарнамасына болгон мамилени өзгөртүү зарылдыгы жөнүндө жарнама берүүчүгө эскертүү бериши мүмкүн. Дары-дармек каражаттарынын жарнамасына тиешелүү ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жазапул төлөөнүн өлчөмдөрү жана тартиби Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат. XIV Глава Корутунду жоболор
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-49" title="49-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>