Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
48-статья. Дары-дармек каражаттары жөнүндө маалымат
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Кыргыз Республикасында катталган дары-дармек каражаттары жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат. Врачтын рецебисиз берилүүчү дары-дармек каражаттары жөнүндө маалымат жарык көргөн макалаларда жана массалык маалымат каражаттарынын кулактандырууларында, адистештирилген жана жалпыга арналган басылмаларда, дары-дармек каражаттарын колдонуу боюнча нускамаларда, дары-дармек каражаттарын жүгүртүүчү субъекттердин дагы башка басылмаларында камтылышы мүмкүн. Врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттары жөнүндө маалымат медициналык жана фармацевтик кызматкерлерге арналган адистештирилген басылмаларда гана берилет. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү адистер үчүн дары-дармек каражаттары жөнүндө маалымат монографиялар, маалымдамалар, илимий макалалар, конгресстердеги, конференциялардагы, симпозиумдардагы, илимий кеңештердеги баяндамалар, ошондой эле врачтарга арналган дары-дармек каражаттарын колдонуу боюнча нускамалар түрүндө берилиши мүмкүн. Тиешелүү маалыматты бурмалоосуз сактоого, өткөрүп берүүгө жана пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү дары-дармек каражаттары жөнүндө кандай гана материалдык маалыматты алып жүрүүчүлөр болбосун пайдаланууга жол берилет.
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-48" title="48-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>