50-статья. Гуманитардык жардам катары түшкөн дары-дармек каражаттарын жүгүртүү
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 февраля 2010 года № 23
Гуманитардык жардам иретиндеги дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте алардын ишинин уставына ылайык эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан алынып келиниши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык жардам катары түшкөн, чыгарган өлкөдө же донор өлкөдө катталбаган дары-дармек каражаттарын колдонууга тыюу салынат. (3-бөлүк КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Өзгөчө учурларда гуманитардык жардам өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн БУУ тарабынан сунуш кылынган өзгөчө жардам соопчулук буюмзаттардын тизмесине кирсе, алдынала макулдашуусуз эле көрсөтүлүшү мүмкүн. Саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы гуманитардык линия боюнча келип түшкөн дары-дармек каражаттарынын бирдиктүү республикалык реестрин жүргүзөт. (6-бөлүк КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Саламаттык сактоо мекемелерине гуманитардык жардам катарында түшкөн дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсепке алынууга жана отчет берилүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын дары-дармек каражаттары жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен гуманитардык жардам түрүндө дары-дармек каражаттары ташылып келинген бардык учурлар тууралу кабарлап турууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен гуманитардык дары-дармек каражаттарын ташып келип жаткан субъекттерге карата чечим кабыл алат. (КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 01.02.2010 · № 23 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-50" title="50-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>