47-статья. Кыргыз Республикасында стандарттуу эмес сапаттагы дары-дармек каражаттарын жана жасалма дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салуу
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Жараксыз абалга келген жана жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салынат. Жараксыз абалга келген дары-дармек каражаттары жана жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттары жок кылынууга тийиш. Жараксыз абалга келген дары-дармек каражаттарын жана жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттарын жок кылуунун тартиби адамдардын, айбанаттардын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет. Жасалма дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салынат. Эгерде дары-дармек каражаттарын жеткирүүнүн шарттарында башка жагдай каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген жана гуманитардык максаттарга арналган дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салынат. Орулуулардын каражатынын эсебинен алынган дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салынат. Дары-дармек каражаттарын дарыкана мекемелеринен тышкары сатууга тыюу салынат. XIII Глава Калкты дары-дармек каражаттары жөнүндөгү маалымат менен камсыз кылуу. Дары-дармек каражаттарынын жарнамасы
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-47" title="47-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>