46-статья. Дарыкана мекемелеринин дары-дармек каражаттарын даярдоо жана сатуу боюнча иш-аракетин лицензиялоо
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 октября 2012 года № 171
Дарыкана мекемесине дары-дармек каражаттарын даярдоого жана сатууга лицензия Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан беш жылдык мөөнөткө берилет. Фармацевтик иш-аракетке лицензия алуу үчүн дарыкана мекемеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына төмөндөгү документтерди тапшырат:
- белгиленген үлгүдөгү арызын;
- дарыкана мекемеси жүзөгө ашырууну көздөгөн фармацевтик иш-аракеттин бардык түрүнүн тизмесин камтыган юридикалык жактын уставын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жана жеке жакты каттагандыгы жөнүндө күбөлүгүн;
- фармацевтик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында тиешелүү имарат-жайды пайдаланууга укугун тастыктоочу документтерин;
- дарыкана мекемесинде фармацевтикалык иш-аракетти жүзөгө ашыруучу адистердин сертификаттары бар экендигин тастыктоочу документтерин;
- (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык жетинчи абзацы күчүн жоготту)
- (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык сегизинчи абзацы күчүн жоготту)
Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө берилген документтерди кароонун жана бул ишке лицензия берүүнүн мөөнөтү бир айдан ашпоого тийиш. Фармацевтик иш-аракетке лицензия берүүдөн баш тартуунун себеби берилген документтердин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиги жана имарат-жайдын лицензиялоонун талаптарына жооп бербөөсү болушу мүмкүн. Баш тартуунун себептери Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дарыкана мекемесине берилген документте көрсөтүлүүгө тийиш. Фармацевтик ишке берилген лицензиянын аракети ушул Мыйзамда каралган дары-дармек каражаттары менен чекене соода кылуунун тартиби бузулган учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө белгиленгенден мурда токтотулушу же жокко чыгарылышы мүмкүн. Эгерде дарыкана мекемеси жыл бою фармацевтик иш-аракетин баштабаса, дары-дармек каражаттарын даярдоого жана сатууга берилген лицензиянын аракети токтотулат жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына көрсөтүлгөн иштин жок экендигин актаган документтер көрсөтүлгөндөн кийин гана калыбына келтирилиши мүмкүн. (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 11.10.2012 · № 171 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-46" title="46-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>