36-статья. Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Жеке жана коммерциялык эмес пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүүгө лицензиясыз же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ташып келүү уруксаты менен ушул Мыйзамдын 38-статьясында каралган учурларда гана жол берилет. Кыргыз Республикасында каттоодон өткөрүлбөгөн, бирок жөнөтүүлөр жүзөгө ашырылып келинген өлкөлөрдө каттоодон өткөн жана колдонулуп жаткан дары-дармек каражаттарын ташып келүү уруксаты өзгөчө учурларда (стихиялык кырсык, инфекциялык оорунун жайылышы) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жол берилет. Дары-дармек каражаттарына клиникага чейинки жана клиникалык изилдөө жүргүзүүгө арналган, каттоодон өткөрүлбөгөн дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты боюнча жол берилет. Кыргыз Республикасынын аймагына сапаты дары-дармек каражатын өндүргөн ишкананын сертификаты менен тастыкталган, дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү өлкөнүн дары-дармек каражаттарынын сапаты мамлекеттик стандарттарга ылайык өндүрүлгөндүгү ырасталган ташып келинүүчү дары-дармек каражаттары ташылса болот. Жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшүнө жарактуулугунун бардык мөөнөтүнүн үчтөн бири калган дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын аймагына сапаты стандартка жооп бербеген дары-дармек каражаттарын жана жасалма дары-дармек каражаттарын ташып келүүгө тыюу салынат.
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-2020-жылдарга карата…Постановление · 08.07.2014 · № 376 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-36" title="36-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>