38-статья. Жеке пайдалануу жана дагы башка коммерциялык эмес максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүү
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына лицензиясыз же Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты менен дары-дармек каражаттары ташып келиниши мүмкүн, эгерде алар төмөндөгүлөргө арналса:
- Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү жеке жактардын өздөрүнүн пайдалануусу үчүн;
- Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык корпустун кызматчыларына же эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө;
- Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү транспорт каражатынын жүргүнчүлөрүн дарылаганга;
- дары-дармек каражаттарынын көргөзмөлөрүнө жана жарманкелерине.
Зоопарктардагы тийиштүү айбанаттарды дарылоого арналган дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына лицензиясыз же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ташып келүүгө уруксаты менен ташып келиниши мүмкүн. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган учурларда, Кыргыз Республикасында катталбаган дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жол берилет. Гуманитардык максаттарга арналган дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ташып келинет. Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык максаттарга арналган дары өндүргөн өлкөдөн же донор өлкөдөн каттоодон өтпөгөн дары-дармек каражаттарын ташып келүүгө тыюу салынат.
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
- 36-статья. Жеке пайдалануу жана дагы башка коммерциялык эмес максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүү
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-38" title="38-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>