35-статья. Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 февраля 2010 года № 23
Эгерде дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан каттоодон өткөрүлсө, же ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы медициналык практикага колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын тизмесине киргизилсе, алар Кыргыз Республикасынын аймактарында өндүрүлүшү, сатылышы жана колдонулушу мүмкүн. Дары-дармек каражаттары катары медицинада колдонулуучу жана "Баңги каражаттар жана психотроптук заттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик контролдоого жаткан баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү "Баңги каражаттар жана психотроптук заттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аныктаган тартипте аталган каражаттарды тиешелүү тизмеге киргизүү менен коштолот. Мамлекеттик каттоодон төмөндөгүлөр өткөрүлүүгө тийиш:
- жаңы дары-дармек каражаттары;
- мурда каттоодон өткөрүлгөн дары-дармек каражаттарынын жаңы комбинациялары;
- мурда каттоодон өткөрүлүп, бирок башка дары-дармек формасында, жаңыча өлчөм менен же башка курамдагы кошумча заттар менен өндүрүлгөн дары-дармек каражаттары;
- кайра өндүрүлгөн дары-дармек каражаттары;
- гомеопатиялык дары-дармек каражаттары;
- биологиялык активдүү тамак-аш кошулмалары;
- медициналык иммунобиологиялык препараттар;
- дарылоо-косметикалык каражаттар;
- жаныбарларды дарылоо үчүн пайдаланылуучу дары-дармек каражаттары;
- медициналык багытындагы буюмдар жана медициналык жабдуу.
Импорттолуучу дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү аны өндүргөн өлкөдө милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүү менен жүзөгө ашырылат. Врачтардын рецептери боюнча дарыканада жасалган дары-дармек каражаттары, ошондой эле гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республикасына ташылып келинүүчү дары-дармек каражаттары мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөйт. Дары-дармек каражаттарын клиникалык изилдөөдө же жаныбарларды дарылоого арналган дары-дармек каражаттарын сыноодон өткөрүүдө каттоодон өткөрүлбөгөн дары-дармек каражаттарын колдонууга жол берилет. Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүргүзүүгө арыз жана документтер берилген күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дары-дармек каражаттарына мамлекеттик каттоону жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы каттоодон өткөрүлгөн дары-дармек каражаттарынын дозировкасынын өзгөрүү деңгээлин, кошумча заттардын курамын аныктайт, мунун өзү башка аталыштагы дары-дармек каражаттары катары аны мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн зарылчылыгына алып келет. Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына документтерди жана маалыматтарды берет, анын тизмеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет. Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн төлөнө турган акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет жана ал дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө эксперттик иштерди жүргүзүү менен байланышкан иш жүзүндө сарпталган чыгымдардан ашпоого тийиш. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосун колдонушу мүмкүн. Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана жарыяланат. Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна, коопсуздугуна болгон талапты төмөндөтөт дегенди билдирбейт. Эгерде башка технология боюнча же кошумча заттардын башка курамы менен Кыргыз Республикасында мурда каттоодон өткөрүлгөн оригиналдуу дары-дармек каражатына теңдеш жаңы жасалган дары-дармек каражаты катталса, анда мамлекеттик каттоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу колдонулушу мүмкүн. Каттоодон өткөрүлгөн дары-дармек каражаттары дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик реестрине жазылат. (КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) X Глава Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүү. Кыргыз Республикасынын аймагынан дары-дармек каражаттарын ташып чыгуу
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 “Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу…Постановление · 23.06.2014 · № 346
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-2020-жылдарга карата…Постановление · 08.07.2014 · № 376 · Күчүн жоготкон
- Приказ Министерства здравоохранения от 7 октября 2003 года N 431 "Об утверждении положения об упрощенной процедуре государственной регистрации лекарственных средств"Приказ · 07.10.2003 · № 431 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 346 токтомуПостановление · 23.06.2014 · № 346
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-35" title="35-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>