26-статья. Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөө
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөөлөр баалоонун жана далилдөөлөрдүн илимий усулдары менен дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна жетишүү максатында жүргүзүлөт. Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөөлөр дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуучу уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен лабораториялык иш-тажрыйбанын эрежелери боюнча жүргүзүлөт. Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөөлөр дары-дармек каражаттарын изилдөөлөрдүн натыйжалары киргизилүүчү протокол жүргүзүү жана отчет түзүү менен бекитилген план боюнча жүргүзүлөт. Дары-дармек каражаттарын жаныбарларга карата клиникага чейинки изилдөөлөр эл аралык эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жаныбарларды пайдалануунун укуктук жана этикалык ченемдеринин сакталышына контролдук Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-26" title="26-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>