25-статья. Жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу жаңы фармакологиялык активдүү заттарды издөөнү, андан соң аларды клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөрдү камтыйт. Жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгууну каржылоо:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуучу уюмдардын каражаттарынан;
- дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуучу уюм менен дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишкананын ортосундагы келишим боюнча аткарылуучу илим-изилдөө иштерин дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишкананын каражаттарынан;
- каржылоонун башка булактарынан, анын ичинде кайрымдуулук фонддорунун каражаттарынан, жеке жана юридикалык жактардын максаттуу салымдарынан жүзөгө ашырылат.
Жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуучу уюмдун укуктары Кыргыз Республикасынын патенттик мыйзамдары жана автордук укук жана эриш-аркак укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголот.
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-25" title="25-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>