8-статья. Спорттун улуттук түрлөрү жаатындагы билим берүү
Күчүндө · 18.05.2011 редакциясы
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча адистерди даярдоо Кыргыз Республикасынын дене тарбия окуу жайлары, университеттердин, педагогикалык окуу жайлардын жана колледждердин дене тарбия факультеттери аркылуу жүзөгө ашырылат. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча сабактар жогорку окуу жайларда окутуунун алгачкы эки курсунда милдеттүү болуп саналат жана жумасына кеминде эки саат өткөрүлөт, ал эми калган курстарда факультативдик түрдө жүргүзүлөт. Мектептердин кесиптик башталгыч, кесиптик орто окуу жайлардын окуучулары үчүн спорттун улуттук түрлөрү боюнча сабактар узартылган күн режиминде окуу пландарына, мамлекеттик комплекстүү программаларга ылайык жүргүзүлөт. Сабактан тышкаркы мезгилде спорттун улуттук түрлөрү менен машыгуу үчүн клубдар жана мектептен тышкары ден соолук чыңдоо мекемелери түзүлөт. Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук резервди даярдоо спорттун улуттук түрлөрү боюнча адистештирилген балдар жана жаштардын окуу-спорттук мекемелеринин тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул тутум балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептерин жана жогорку спорттук чеберчиликтин мектептерин камтыйт. Дене тарбия окуу жайларында жана факультеттеринде спорттун улуттук түрлөрү боюнча окутуу мамлекеттик бюджеттин, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерди максаттуу даярдоого багытталган каражаттарынын, ошондой эле кайрымдуулук фонддорунун каражаттарынын жана ыктыярдуу төгүмдөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
Берененин тексти 18.05.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 12-февралы № 01-13-24 "Кыргыз Республикасынын Министрлер…Приказ · 12.02.2026 · № 01-13-24
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 600 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдар мезгилине "Спорттук Кыргызстан"…Программа · 22.09.2017 · № 600 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик органдары,, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 22.09.2017 · № 600 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 18.03.2019 · № 130 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 253 "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 12.05.2014 · № 253 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1208/st-8" title="8-статья - О национальных видах спорта (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>