Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 12-майы № 253 "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К. Иманалиев, К.К. Исаев жана К.Ж. Рыспаев тарабынан демилге кылынган "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12 майындагы № 253 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К. Иманалиев, К.К. Исаев жана К.Ж. Рыспаев тарабынан демилге
кылынган "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Иманалиев, К.Исаев жана К. Рыспаев демилге кылган "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт:
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин l-бөлүгү менен "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин экинчи абзацын жаңы редакцияда баяндоо сунуш кылынган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү спорттун улуттук түрлөрү жаатында максаттуу мамлекеттик программаларды иштеп чыгат, ишке ашырат жана алардын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет, спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүнү финансылык жактан камсыз кылат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн спорттун улуттук түрлөрү жаатында максаттуу мамлекеттик программалардын ишке ашырылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берүүсүн караган ченем менен толуктоо сунуш кылынат.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында жооптуу болорун белгилей кетүү керек. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин бөлүгүнүн 3, 7-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашырууда өнүгүү концепцияларын жана программаларын бекитет, социалдык-экономикалык чөйрөдө, анын ичинде спорт чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат. Жогоруда аталган ченемдерге ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берүүсү "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына салыштырмалуу юридикалык кыйла жогору күчкө ээ болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясында да, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында да белгиленгендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берүүсү боюнча ченемдерди ушул Мыйзам менен бекемдөө максатка ылайыксыз деп ойлойбуз.
2. Муну менен бирге Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары үчүн спорттун улуттук түрлөрү боюнча сабактардын милдеттүүлүгүн регламенттештирүүчү ченемди камтыган экинчи бөлүк менен толуктоо каралган.
Бүгүнкү күндө жалпы билим берүү уюмдарында "Дене тарбия" окуу сабагынын программасы эки бөлүктөн: 48 милдеттүү жана 20 вариациялык сааттан турарын белгилей кетүү керек. Программанын вариациялык бөлүгү спорттун улуттук түрлөрү боюнча сабактарды камтыйт. Мындан тышкары жалпы билим берүү уюмдарында балдар сабактан тышкары убакта спорттун улуттук түрлөрү менен машыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуучу ийримдер иштейт. Ошондой эле республиканын көпчүлүк балдардын-өспүрүмдөрдүн спорт мектептеринде спорттун улуттук түрлөрү боюнча бөлүмдөр бар. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К. Иманалиев, К.К. Исаев жана К.Ж. Рыспаев тарабынын демилге кылынган "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- О национальных видах спортаЗакон · 19.04.2003 · № 84
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон