Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
45-статья. Прокурордун процесске катышуусу
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 марта 2014 года № 48
1. Прокурор башка жактардын жана белгисиз чөйрөдөгү жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко арыз менен кайрылууга, ошондой эле мамлекеттик же коомдук таламдарды жана (же) эгерде муну жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын, мамлекеттик жана коомдук таламдарды коргоо талап кылса, сотто каралып жаткан ишке кирүүгө укуктуу.
2. Эгерде ал өзү жүйөөлүү себептер менен сотко кайрыла албаса (ден соолугуна, жаш курагына, аракетке жөндөмсүздүгүнө байланыштуу же башка себептер менен), жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук таламдарды коргоо боюнча арыз прокурор тарабынан таламы бар жактын өтүнүчү боюнча гана коюлат. Аракетке жөндөмсүз адамдын таламдарын коргоо боюнча арыз прокурор тарабынан таламы бар жактын өтүнүчү болгон-болбогондугуна карабастан коюлат.
3. Арыз менен кайрылган прокурор жарашуу макулдашуусун түзүү укугунан башка, бардык процесстик укуктарды пайдаланат жана доогердин процесстик милдеттерин аткарат. Эгерде ал жак же анын мыйзамдуу өкүлү доодон баш тартуу жөнүндө билдирбесе (ушул Кодекстин 41-статьясы), башка жактын таламдарын коргоо боюнча коюлган талапты колдоодон прокурор баш тарткан учурда, ишти маңызы боюнча кароо улантыла берет. Эгерде бул мыйзамдарга карама-каршы келбесе, же башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузбаса, прокурор тарабынан билдирилген доодон доогер баш тарткан учурда сот, сот ишин жүргүзүүнү токтотот.
4. Прокурор ишке катышкан жактар тууралуу, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жана кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү, мамлекеттик мүлктү камакка алуудан бошотуу, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган уулду (кызды) асырап алуу жөнүндөгү иштерде, ошондой эле башка учурларда өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу максатында чыгып сүйлөйт. Иш карала турган жер жана убактысы жөнүндө кабардар болгон прокурордун келбей калышы ишти териштирүүгө жолтоо болуп саналбайт.
(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 210, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 ноября 2011 года № 210 "О внесении дополнения в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
14.03.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…таламдарын коргоо үчүн сотко арыз менен кайрылууга, ошондой эле кошулду: мамлекеттик же коомдук таламдарды жана (же) эгерде муну жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам … жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу алынып салынды: таламдарын кошулду: таламдарын, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук таламдарды коргоо боюнча арыз прокурор тарабынан таламы бар жактын өтүнүчү … баш тарткан учурда сот, сот ишин жүргүзүүнү токтотот.
4. Прокурор алынып салынды: үйдөн чыгарып салуу, ишине кайра коюу жөнүндөгү, кошулду: ишке катышкан жактар тууралуу, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун … 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № алынып салынды: 210 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 210, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 41-статья. Прокурордун процесске катышуусу
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-45" title="45-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>