193-статья. Соттук жарыш сөздөр
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 16-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2004 года № 110
1. Соттук жарыш сөздөр ишке катышкан жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн сөздөрүнөн турат.
2. Соттук жарыш сөздөрдө биринчи болуп доогер жана анын өкүлү, андан кийин жоопкер жана анын өкүлү сүйлөйт. Процесс башталгандан кийин талаштын предметине өз алдынча талабын билдирген үчүнчү жак жана анын өкүлү тараптардан жана алардын өкүлдөрүнөн кийин сөз сүйлөйт, талаштын предметине өз алдынча талабын билдирбеген үчүнчү жак жана анын өкүлү ишке үчүнчү жак катары өзү жактап катышып жаткан доогерден же жоопкерден кийин сүйлөйт.
Ушул Кодекстин 45-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн иштер боюнча сөз сүйлөгөн прокурор соттогу жарыш сөздө биринчи болуп сүйлөйт.
3. Сот жарыш сөздөрдү кандайдыр убакыт менен чектеп коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу, эгерде сөз сүйлөп жаткан адам сот карап жаткан иштин чегинен чыгып бараткан учурда гана аны токтотуп кое алат.
4. Жарыш сөздүн бардык катышуучулары сөз сүйлөп бүткөндөн кийин алар сөздөрдө айтылгандарга байланыштуу репликалар менен кайталап чыга алат. Соңку реплика укугу жоопкерге жана анын өкүлүнө таандык.
(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
193-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
08.08.2004 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өзү жактап катышып жаткан доогерден же жоопкерден кийин сүйлөйт. кошулду: Ушул Кодекстин 45-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн иштер боюнча сөз сүйлөгөн прокурор соттогу жарыш сөздө биринчи болуп сүйлөйт. 3. Сот жарыш сөздөрдү кандайдыр убакыт менен чектеп коюуга укуксуз. … чыга алат. Соңку реплика укугу жоопкерге жана анын өкүлүнө таандык. кошулду: (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-193" title="193-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>