150-статья. Соттук териштирүүгө ишти даярдоо боюнча судьянын иш-аракети
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 15-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 марта 2014 года № 48
Судья соттук териштирүүгө ишти даярдоо тартибинде төмөнкүдөй иш аракеттерди жүргүзөт:
1) доогер койгон талаптардын маңызы боюнча аны сурайт, андан жоопкер тарабынан мүмкүн болгон каршы пикирлерди аныктайт, эгерде зарыл болсо, кошумча далилдерди берүүнү сунуш кылат, доогерге анын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;
2) жоопкерди чакырат, иштин жагдайлары боюнча аны сурайт, доого карата кандай каршы пикир бар экендигин жана алар кандай далил менен ырасталышы мүмкүн экендигин айкындайт, өзгөчө татаал иштер боюнча жоопкерге иш боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө берүүнү сунуш кылат, жоопкерге анын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;
3) ишке тең доогерлер, тең жоопкерлер жана үчүнчү жактар кириши жөнүндө маселени чечет, ушул статьянын 1- жана 2-пунктчалары жагынан аларды сурайт, ошондой эле тиешеси жок жоопкерди алмаштыруу маселесин чечет;
4) ишти териштирүүнүн убактысы жана орду жөнүндө анын жыйынтыгына таламдаш, ишке катышууга тартылбаган жарандарга же уюмдарга кабарлайт;
5) күбөлөрдү соттун жыйналышына чакыруу жөнүндө маселени чечет;
5-1) ушул Кодекстин 45-статьясында каралган учурларда прокурордун ишти териштирүү убактысы жана жери жөнүндө билдирет;
6) экспертизаны, аны жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындайт, ошондой эле ишке катышууга адистерди тартуу жөнүндө маселени чечет;
7) ишке катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча уюмдардан, же жарандардан жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерди, үн жана көрмө жазууларды талап кылат;
8) кечиктирүүгө болбогон учурларда ишке катышкан адамдарга билдирүү менен жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерди жеринде карап көрөт;
9) соттук тапшырмаларды жөнөтөт;
10) доону камсыздоо жөнүндө маселени чечет;
11) доогердин өтүнүчү боюнча ал берген арызды кайра кайтаруу жөнүндө аныктама чыгарат;
12) доонун өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчтү чечет;
13) зарыл болгон башка процесстик иш-аракеттерди жасайт.
(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
150-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2009 года № 252 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики и Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
14.03.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…доогерге анын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;
2) алынып салынды: зарыл учурларда жоопкерди чакырат, иштин жагдайлары боюнча аны сурайт, доого карата … күбөлөрдү соттун жыйналышына чакыруу жөнүндө маселени чечет;
кошулду: 5-1) ушул Кодекстин 45-статьясында каралган учурларда прокурордун ишти териштирүү убактысы жана жери жөнүндө билдирет;
6) экспертизаны, аны жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындайт, ошондой … процесстик иш-аракеттерди жасайт.
(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № алынып салынды: 252 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 30 ноября 2006 года №14 "О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении вреда, причиненного жизни и…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 30.11.2006 · № 14Пункттар: п. 8
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 30 ноября 2006 года №14 "О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении вреда, причиненного жизни и…Постановление Пленума Верховного суда · 30.11.2006 · № 14
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-150" title="150-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>